Жардыруу. Архивдик сүрөт

"Таразды көздөй снаряддар учууда". Казакстандагы өрттүн видеосу

371
(жаңыланган 00:22 27.08.2021)
Казакстандын түштүк тарабындагы аскер бөлүктө өрт чыкты. Айлана-тегерекке снаряддар учууда. Жергиликтүү тургундар эвакуацияланууда.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жамбылдагы аскер бөлүктө чыккан өрттөн бери дегенде 60 киши жапа чекти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

​Кырсык бүгүн кечинде катталды. Объект Кыргызстанга чектеш Байзак районунда жайгашкан. Акыркы маалыматтарга караганда, өрттүн бир бөлүгү өчүрүлдү, жалпысынан алты жарылуунун үнү чыккан. Эң катуу болгону видеого тартылып калган. Окуянын күбөлөрү Тараз шаарын көздөй учкан снаряддарды да көргөнүн айтат.

Кырсык катталган жерге жакын жашаган жергиликтүү тургундар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Коргоо министри менен ӨКМ башчысы окуя болгон жерге кетишти. Президент Касым-Жомарт Токаев жарылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун, темир жол байланышы токтотулганын билдирди.

Таразда кырсыктан улам жолдо узун автоунаа тыгыны пайда болгон.

371
Белгилер:
Казакстан, Жамбыл, жарылуу, өрт
Тема:
Казакстандагы жарылуу (12)
Тема боюнча
Кабулдун аэропортунда эки ирет жардыруу болду, каза тапкандар бар. Видео
Токио көчөсүнүн биринде бараткан улгайган аялдар. Архивдик сүрөт

Японияда улгайгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

93
(жаңыланган 11:06 20.09.2021)
Иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп, 9 миллионго жеткен. Улгайгандар акыркы 17 жылдан бери жаштар менен теңтайлаша иштеп келе жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Японияда 65 жаштан жогору адамдардын саны алгачкы жолу 36,4 миллионго жетти, бул калктын 29,1 пайызын түзөт. Муну менен Япония кары-картаңдар жашаган өлкөлөр арасында дүйнөдө биринчи орунда турарын РИА Новости жазды. 

Бүгүн өлкөдө Карылар күнү белгиленип жатат. Бир жыл ичинде Японияда улгайгандардын саны 220 миңге өскөн.

Өлкөдө жалпы эркектердин 26 пайызын карыгандар түзөт, ал эми аялдардын 32 пайызы жашы өткөндөр экени айтылды.

Ошондой эле иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп, 9 миллионго жеткен. Улгайгандар акыркы 17 жылдан бери жаштар менен теңтайлаша иштеп келе жатканы белгиленет.

93
Белгилер:
Япония, карылык, көрсөткүч
Тема боюнча
Дарыгер улгайгандар кантип туура эмделиши керектигин айтты
Күүлүү-күчтүү болуш үчүн улгайган адамдар кандай тамактанышы керек
Японияда бөтөлкөнү тепкен футбол машыктыруучусу жазаланып, оюндан куулду. Видео
Женщина голосует на избирательном участке во время выборов президента Узбекистана.

Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

55
(жаңыланган 10:51 20.09.2021)
Коңшу өлкөдө быйылкы жылдын 24-октябрында президенттик шайлоо өтөт. Өзбек эли беш талапкердин арасынан өзүнө жаңы өлкө башчы тандайт.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Бул жолку шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлерин каттоого алды.

Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүүдө. Ал өзүнүн "Жаңы Өзбекстан" деп аталган программасында коррупцияга каршы туруу жана көмүскө экономиканы кыскартууга басым жасай турганын айтты. Ошондой эле негизги өнөктөштөрү Кытай, Россия, АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөтөрүн билдирди. Мындан тышкары, ЕАЭБ менен азыркыдан дагы тыгыз иштешүүнү көздөйт.

"Миллий тикланиш" партиясынын атынан чыгып жаткан 46 жаштагы Алишер Кадыров, тескерисинче, Өзбекстандын ЕАЭБ менен кызматташтыгын сындап келет. Ал өлкө башына келсе улуттук каада-салт жана баалуулуктарды сыйлабагандарды административдик жоопкерчиликке тартууну каалайт.

Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы бул ирет президенттикке аял кишинин талапкерлигин сунуштады. 60 жаштагы Максуда Варисова КМШ өлкөлөрү менен кызматташтыкты күчөтүүнү көздөп жатат. Ошондой эле тамак-аштын арзан, медицина менен билим берүүнүн акысыз болушу үчүн жан үрөмөкчү.

"Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов эски саясатты жакшыртууга басым жасайт. Билим берүү жана жарандардын турак жай маселесин чечүүнү каалай турганын айтты.

Экологиялык партиянын өкүлү 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов калкка таза суунун жеткиликтүүлүгүн 90 пайызга чейин көтөрүүнү, өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууну кааларын айтты.

Ушул тапта шайлоого байкоочулук кылуу үчүн Өзбекстанга КМШ, ШКУ, ЕККУ сыяктуу биримдиктер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келе баштаганы белгилүү болду.

Коңшу өлкөдө быйылкы жылдын 24-октябрында президенттик шайлоо өтөт. Өзбек эли жогоруда айтылган беш талапкердин арасынан өзүнө жаңы өлкө башчы тандайт.

55
Белгилер:
Өзбекстан, Шавкат Мирзиеев, президенттик шайлоо, үгүт
Тема боюнча
Бишкекте россиялыктар Мамдуманын депутаттарын шайлоодо. Видео
Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды
Электр кубаты счётчиги. Архив

Эртең Бишкектин кайсы жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

8
(жаңыланган 16:12 20.09.2021)
Шейшемби күнү "Түндүк электр" ишканасынын бригадасы Бишкектин чекесинде жайгашкан айылдагы подстанциянын жана калаадагы үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын текшерип чыгат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Электр кубаты 21-сентябрь күнү Бишкектин 13 көчөсүнүн тилкелеринде болбой тургандыгы "Түндүк электр" ишканасынын сайтында жазылган.

Бул күнү адистерден турган бригадалар үйлөрдүн ичиндеги электр тармактардын абалын көздөн кечирип, оңдой турчуларын кайрадан карап, түздөп чыгат. Андан сырткары, Күнтуу айылындагы подстанцияны текшерет.

Электр кубаты өчүрүлө турган аймактар:

  • 09:00-18:00 — Манас проспектисинин тилкеси (№61 үй), Тынчтык, Касым, Ынтымак, Арча-Бешик (Безымянная, Кара-Кужур, Абдрахманов, Бердибаев, Алтын-Тутун, Эртайлак, Шербет, Садыбакасов, Он-Арча көчөлөрү), Ак-Босого конуштары, Жал-29 кичи району.
  • 09:30-18:30 — Ахунбаев ( №106 А үй) көчөсүнүн тилкеси, Кара-Жыгач (Субан-Ата көчөсү) конушу.
8
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр кубаты, Күнтуу айылы
Тема боюнча
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Тизме
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Бишкектин айрым райондорунда 11 күн бою газ менен ысык суу болбойт