Казакстандын Коргоо министрлиги аскер бөлүктөгү жарылуулардын санын тактады

© Sputnik / Анатолий УстиненкоСотрудники скорой медицинской помощи Казахстана
Сотрудники скорой медицинской помощи Казахстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Мурдараак Казакстандын Коргоо министрлиги Тараздагы жарылуу аскер бөлүктөгү кампадагы өрттөн улам келип чыкканын билдирген.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Казакстандын Коргоо министрлиги бейшембиде Жамбыл облусундагы аскер бөлүктө чыккан өрттө алты жарылуу болгонун тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Мурдараак Казакстандын Коргоо министрлиги Тараздагы жарылуу аскер бөлүктөгү кампадагы өрттөн улам келип чыкканын билдирген. Кырсыктан 30дан ашык адам жапа чеккен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Казахстан (@sputniknewskz)

"Бардыгы болуп алты жарылуу катталган. Калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында окуя болгон жерге жакын жашаган үйлөрдүн тургундарын эвакуациялоо башталды. Жабыркап, медициналык жардам сурап 32 адам кайрылган, анын ичинен 10у аскер кызматкерлери", — деп белгиленет Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Маалымат кызматы кошумчалагандай, азыркы күндө өрттү өчүрүү боюнча аракеттер улантылып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0