Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев. Архивдик сүрөт

Казакстандын аскер бөлүгүндөгү жарылуу: коргоо министри отставкага кетти

138
(жаңыланган 12:05 27.08.2021)
Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, кесепетинде бир нече жарылуу болгон.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев Жамбыл облусунда жайгашкан аскер бөлүктөгү жарылуудан кийин кызматын тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт мүчөсүнүн брифингдеги сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Жарылуу жөнүндө угарым менен отставкага кетишим керек деп чечим кабыл алгам. Албетте, акыркы сөздү өлкө жетекчилиги кабыл алат", — деди министр журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Sputnik Казакстан агенттигине министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда Ермекбаев кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен алек. Баары соңуна чыккандан кийин ал арызын жазары кошумчаланды.

Буга чейин жарылуулар учурунда төрт аскер кызматкери каза болгону айтылып жатса, акыркы маалыматтардан өрт өчүрүүчүлөр командасынын начальниги дагы көз жумганы белгилүү болду. Ушуну менен каза болгондордун саны бешке жетти. Ал эми жаракат алгандардын саны 90дун тегерегинде экени айтылууда.

Эске салсак, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, кесепетинде бир нече жарылуу болгон. Бийлик жарылуу болгон аймакка жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүрдү.

138
Белгилер:
Казакстан, жарылуу, отставка, чечим
Тема:
Казакстандагы жарылуу (12)
Тема боюнча
Казакстандын Коргоо министрлиги аскер бөлүктөгү жарылуулардын санын тактады
"Таразды көздөй снаряддар учууда". Казакстандагы өрттүн видеосу
Балта кармаган адам. Архив

Карыз өндүрүүгө келген сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап... Казакстандагы видео

195
Кеп 21 ирет административдик айыпка жыгылган жаран тууралуу болуп жатат. Ал жалпысынан айып пул катары 302 176 теңге (710 доллар) жана банкка 358 728 теңге (842 доллар) карыз болгондуктан сот "ВАЗ 2115" үлгүсүндөгү автоунаасын алуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Казакстандын Нур-Султан шаарынын тургуну сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап, кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

https://www.facebook.com/SputnikKZ/videos/4407382579307703/?t=0

Кеп 21 ирет административдик айыпка жыгылган жаран тууралуу болуп жатат. Ал жалпысынан айып пул катары 302 176 теңге (710 доллар) жана банкка 358 728 теңге (842 доллар) карыз болгондуктан сот "ВАЗ 2115" үлгүсүндөгү автоунаасын алуу чечимин чыгарган. Ал бир жылдан бери качып жүргөн.

"Сот аткаруучу өкүмдү ишке ашыруу үчүн полиция кызматкерлери менен келгенде карызы бар киши жаалданып, үйүнөн темир балта көтөрүп чыккан. Полиция аны көздөй көздү ачыштырчу каражат чачып, ошондон кийин гана балтаны колунан алышкан. Кийин аны полиция участогуна жеткиришти", — деп айтылат кабарда.

Бул Казакстанда жарандар сот аткаруучуга кол салган алгачкы окуя эмес. Буга чейин каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында Алматы шаарында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон. Кийин өлгөндөрдүн бири үйдү банктан сатып алган киши экени аныкталган.

195
Белгилер:
Казакстан, Нур-Султан, сот аткаруучу, Банк, банк, полиция, кол салуу, балта
Тема боюнча
5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды
Алматыда 5 кишини аткан жарандын аялы: банк үйүбүздү арзыбаган акчага сатып жиберди
Лос-Анджелес шаарындагы Брюс Линин эстелиги. Архив

Лос-Анжелесте Азия кинолорунун фестивалы өтүп, Брюс Ли сыйлыгы тапшырылат

34
(жаңыланган 13:27 26.10.2021)
Иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор, кино жылдыздары келери күтүлүүдө. Брюс Линин кызы атасынын атындагы сыйлыкты алгачкы лауреатына тапшырат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШнын Лос-Анжелес шаарында 1-ноябрь күнү Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы (AWFF) башталат. Бул туурасында фестивалдын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 17:30да кызыл килемден өтүп, саат 19:00 кинолор көрсөтүлө баштайт. Алгач "Оскар" сыйлыгын алган режиссёр Хлои Чжаонун Marvel Studios Eternals фильми тартууланат. Ага Жемма Чан, Ричард Мэдден, Кумейл Нанджиани, Лия МакХью, Брайан Тайри Генри, Лорен Ридлофф, Барри Кеоган, Дон Ли, Кит Харингтон, Сальма Хайек жана Анжелина Жоли сыяктуу белгилүү актёрлор катышкан. Бул жылы Брюс Ли атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты аныкталат.

"21-октябрь күнү Лос-Анжелесте фестивалдын алдындагы иш-чара өтүп, Голливуд индустриясынын, Азия кино коомчулугунун чеберлери, Брюс Линин кызы Шеннон Ли катышты. Анда ал согуштук өнөр кинотармагын өнүктүрүүгө салым кошкон адамга берилүүчү Брюс Ли сыйлыгын негиздегенин жар салды", — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор, кино жылдыздары келери күтүлүп жатканын айтышты. Фестивалдын алкагында Кыргызстандан "Акыркы көч" жана "Шамбала" тасмалары көрсөтүлөт.

Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо. Быйылкы кинофестиваль 1-11-ноябрь күндөрү өтүп, 20дан ашуун өлкөдөн тандалып келген 30 тасма катышат.

Белгилей кетсек, AWFF кыргызстандык режиссёр Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

34
Белгилер:
Лос-Анжелес, кинофестиваль, сыйлык, Брюс Ли
Тема боюнча
Татарстанда Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Сүрөт
Ребенок проходит тест на COVID-19. Архивное фото

Баланын коронавирус менен ооруп жатканын кантип билсе болот? Сейрек белгилер

0
(жаңыланган 13:27 27.10.2021)
Доромбекова ымыркайда коронавирустун белгиси байкалган учурда дарыгерге кайрылууну, ооруканага барбай медикти үйгө чакырууну сунуштаган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнүн неонатолог-дарыгери Айнара Доромбекова коронавирус менен ооруган балдарда байкалчу сейрек белгилерди брифинг учурунда атап берди.

Анын айтымында, ымыркайларда коронавирустун белгилери дароо билинбейт. Эгер бала ооруп калса, ал көп ыйлап, тамак ичпей, тынчы кетип, уйкусу начарлай баштайт.

"Бир айга толо элек наристелерде бул симптомдордун баары ич ооруга да тиешелүү. Бул көйгөй ичеги-карын системасынын жетиле электигинен келип чыгат", — деди дарыгер.

Коронавирустун сейрек белгилери:

  • Кусуу жана ич өтүү. Бул белги коркунучтуу. Анткени суюктуктун 10 пайызын жоготкон учурда бала кыйналып, ымыркайларда бул өлүмгө алып келиши мүмкүн;
  • Бүдүрлөр. Коронавирус болгондо дайыма эле бүдүр чыга бербейт. Бул вирустун кан аркылуу тарашынан улам пайда болот. Көбүнчө алар бутка чыгып бир жумага созулат. Мындай учурда ымыркайды улгайган адамдардан оолак кармоо керек.

Кургак жөтөл. Бул — жаңы төрөлгөн баладагы коронавирустун негизги белгиси.

Доромбекова ымыркайда коронавирустун белгиси байкалган учурда дарыгерге кайрылууну, ооруканага барбай медикти үйгө чакырууну сунуштаган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, ымыркай, оору, белги
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дун оор түрүнө кабылгандардын мээси жабыркайт. Иликтөө
COVID: үч адам каза таап, 124 киши жуктурду. Соңку статистика