Жарылуучу зат тротил. Архивдик сүрөт

Тараздагы жарылуу болгон кампаларда 500 тоннадан ашуун тротил сакталып турган

347
(жаңыланган 14:19 27.08.2021)
Окуя болгон жерде эл жашаган үч конуш болгон, ал жактан жалпы жонунан 700дөн ашык тургун эвакуацияланды.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Казакстанда жарылуу болгон аскер кампаларында 500 тоннадан ашуун тротил сакталып турган. Бул тууралуу республиканын ӨКМинин расмий өкүлү Талгат Уалинин айтканына таянып Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматта чачырандынын радиусу эки чакырымга чейин жеткени айтылууда.

"Алдын ала маалымат боюнча, ал жакта 500 тоннадан ашуун тротил сакталып турган", — деген Уали.

ӨКМдин өкүлү окуя болгон жерде эл жашаган үч калктуу конуш болгонун, андагы 700дөй тургун эвакуацияланганын эске салды.

Белгилей кетсек, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Кесепетинде беш киши каза болуп, 90дой адам жаракат алган. Бийлик жарылуу болгон аймакка жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүрдү.

Тротил (тринитротолуол) — жараксыз болуп калган ок-дарыдан чыккан жарылуучу зат. Анын өтө уулуу экени маалым.

347
Белгилер:
Казакстан, жарылуу, кампа, ок-дары
Тема:
Казакстандагы жарылуу (12)
Тема боюнча
Казакстандын аскер бөлүгүндөгү жарылуу: коргоо министри отставкага кетти
Казакстандын Коргоо министрлиги аскер бөлүктөгү жарылуулардын санын тактады
"Таразды көздөй снаряддар учууда". Казакстандагы өрттүн видеосу
Балта кармаган адам. Архив

Карыз өндүрүүгө келген сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап... Казакстандагы видео

195
Кеп 21 ирет административдик айыпка жыгылган жаран тууралуу болуп жатат. Ал жалпысынан айып пул катары 302 176 теңге (710 доллар) жана банкка 358 728 теңге (842 доллар) карыз болгондуктан сот "ВАЗ 2115" үлгүсүндөгү автоунаасын алуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Казакстандын Нур-Султан шаарынын тургуну сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап, кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

https://www.facebook.com/SputnikKZ/videos/4407382579307703/?t=0

Кеп 21 ирет административдик айыпка жыгылган жаран тууралуу болуп жатат. Ал жалпысынан айып пул катары 302 176 теңге (710 доллар) жана банкка 358 728 теңге (842 доллар) карыз болгондуктан сот "ВАЗ 2115" үлгүсүндөгү автоунаасын алуу чечимин чыгарган. Ал бир жылдан бери качып жүргөн.

"Сот аткаруучу өкүмдү ишке ашыруу үчүн полиция кызматкерлери менен келгенде карызы бар киши жаалданып, үйүнөн темир балта көтөрүп чыккан. Полиция аны көздөй көздү ачыштырчу каражат чачып, ошондон кийин гана балтаны колунан алышкан. Кийин аны полиция участогуна жеткиришти", — деп айтылат кабарда.

Бул Казакстанда жарандар сот аткаруучуга кол салган алгачкы окуя эмес. Буга чейин каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында Алматы шаарында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон. Кийин өлгөндөрдүн бири үйдү банктан сатып алган киши экени аныкталган.

195
Белгилер:
Казакстан, Нур-Султан, сот аткаруучу, Банк, банк, полиция, кол салуу, балта
Тема боюнча
5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды
Алматыда 5 кишини аткан жарандын аялы: банк үйүбүздү арзыбаган акчага сатып жиберди
Лос-Анджелес шаарындагы Брюс Линин эстелиги. Архив

Лос-Анжелесте Азия кинолорунун фестивалы өтүп, Брюс Ли сыйлыгы тапшырылат

33
(жаңыланган 13:27 26.10.2021)
Иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор, кино жылдыздары келери күтүлүүдө. Брюс Линин кызы атасынын атындагы сыйлыкты алгачкы лауреатына тапшырат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШнын Лос-Анжелес шаарында 1-ноябрь күнү Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы (AWFF) башталат. Бул туурасында фестивалдын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 17:30да кызыл килемден өтүп, саат 19:00 кинолор көрсөтүлө баштайт. Алгач "Оскар" сыйлыгын алган режиссёр Хлои Чжаонун Marvel Studios Eternals фильми тартууланат. Ага Жемма Чан, Ричард Мэдден, Кумейл Нанджиани, Лия МакХью, Брайан Тайри Генри, Лорен Ридлофф, Барри Кеоган, Дон Ли, Кит Харингтон, Сальма Хайек жана Анжелина Жоли сыяктуу белгилүү актёрлор катышкан. Бул жылы Брюс Ли атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты аныкталат.

"21-октябрь күнү Лос-Анжелесте фестивалдын алдындагы иш-чара өтүп, Голливуд индустриясынын, Азия кино коомчулугунун чеберлери, Брюс Линин кызы Шеннон Ли катышты. Анда ал согуштук өнөр кинотармагын өнүктүрүүгө салым кошкон адамга берилүүчү Брюс Ли сыйлыгын негиздегенин жар салды", — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор, кино жылдыздары келери күтүлүп жатканын айтышты. Фестивалдын алкагында Кыргызстандан "Акыркы көч" жана "Шамбала" тасмалары көрсөтүлөт.

Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо. Быйылкы кинофестиваль 1-11-ноябрь күндөрү өтүп, 20дан ашуун өлкөдөн тандалып келген 30 тасма катышат.

Белгилей кетсек, AWFF кыргызстандык режиссёр Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

33
Белгилер:
Лос-Анжелес, кинофестиваль, сыйлык, Брюс Ли
Тема боюнча
Татарстанда Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Сүрөт
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Элчилик: Россия Кыргызстанга вакцина алуу үчүн 1,2 млн. доллар бөлөт

0
(жаңыланган 12:13 27.10.2021)
Россия тараптан коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасын сатып алуу үчүн 1,2 миллион доллар каражат бөлүнөрү айтылды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина сатып алып, жеткирип берүү үчүн 1,2 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

"Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасын сатып алуу үчүн 1,2 миллион доллар бөлүнөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Россиянын ӨКМи аркылуу берилет.

Эске салсак, Россия буга чейин да жардам иретинде Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын берген.

0
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, вакцина, гуманитардык жардам
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
ДССУ "Спутник V" вакцинасын жактыруу процедурасын жандантты