Көз жумгандардын саны 9га жетти. Казакстандагы жарылуу боюнча жаңы маалыматтар

© Фото / пресс-служба акимата АлматыРабота скорой помощи в Алмате
Работа скорой помощи в Алмате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Каза болгондордун арасында аскер бөлүгүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана аскер прокуратурасынын кызматкерлери бар.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Казакстандагы аскер кампаларында болгон жарылуудан көз жумгандардын саны тогузга жетти. Бул тууралуу ӨКМдин расмий өкүлү Талгат Уалиге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Анын айтымында, каза болгондордун арасында аскер бөлүгүнүн, ӨКМдин, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери бар.

"Көз жумгандардын жана дайынсыз болуп жаткандардын аты-жөндөрү такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, Өзгөчө кырдаалдар департаментинин 49 кызматкери ооруканага түштү. Жеринде министр баш болгон ӨКМдин ыкчам тобу иштеп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Такталган маалыматтар боюнча, жарылуу Кыргызстан менен чектешкен Байзак районундагы № 28349 (инженердик-сапердук бригада) аскер бөлүгүндө болгон. Өрттөгү ысыктан улам снаряддар жарылып, туш тарапка учуп, айылдардагы 700 жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кампаларында 500 тоннадан ашуун тротил сакталып турганы белгилүү болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0