Казакстандын ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Дагы үчөөнүн сөөгү табылды. Казакстандагы жарылууда каза болгондор

141
(жаңыланган 11:09 28.08.2021)
Сөөгү табылган үч кызматкер кырсыктын кесепетин жоюу үчүн окуя болгон жерге барган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жамбыл облусундагы жарылуудан каза болгон дагы үч адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны учурда 12ге жетти.

"Такталган маалыматтар боюнча, дагы үч кызматкердин сөөгү табылды. Алар жарылуунун кесепетин жоюу үчүн барган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда", — деп жазылат маалыматта.

Жалпы каргашада ӨКМдин 50дөй кызматкери түрдүү жаракаттарды алган.

Белгилей кетсек, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Мындан улам бийлик жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүргөн.

Бүгүн Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев ал окуядан кийин кызматын тапшыруу чечимин кабыл алгандыгын билдирди

141
Белгилер:
Казакстан, жарылуу, Каза болгондор
Тема:
Казакстандагы жарылуу (12)
Тема боюнча
Казакстандын аскер кампасында жарылуу болду. Жүрөк үшүн алган видео
Аза кайгыңарды тең бөлүшөбүз! Жапаров казак эли менен Токаевге көңүл айтты
Балта кармаган адам. Архив

Карыз өндүрүүгө келген сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап... Казакстандагы видео

195
Кеп 21 ирет административдик айыпка жыгылган жаран тууралуу болуп жатат. Ал жалпысынан айып пул катары 302 176 теңге (710 доллар) жана банкка 358 728 теңге (842 доллар) карыз болгондуктан сот "ВАЗ 2115" үлгүсүндөгү автоунаасын алуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Казакстандын Нур-Султан шаарынын тургуну сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап, кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

https://www.facebook.com/SputnikKZ/videos/4407382579307703/?t=0

Кеп 21 ирет административдик айыпка жыгылган жаран тууралуу болуп жатат. Ал жалпысынан айып пул катары 302 176 теңге (710 доллар) жана банкка 358 728 теңге (842 доллар) карыз болгондуктан сот "ВАЗ 2115" үлгүсүндөгү автоунаасын алуу чечимин чыгарган. Ал бир жылдан бери качып жүргөн.

"Сот аткаруучу өкүмдү ишке ашыруу үчүн полиция кызматкерлери менен келгенде карызы бар киши жаалданып, үйүнөн темир балта көтөрүп чыккан. Полиция аны көздөй көздү ачыштырчу каражат чачып, ошондон кийин гана балтаны колунан алышкан. Кийин аны полиция участогуна жеткиришти", — деп айтылат кабарда.

Бул Казакстанда жарандар сот аткаруучуга кол салган алгачкы окуя эмес. Буга чейин каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында Алматы шаарында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон. Кийин өлгөндөрдүн бири үйдү банктан сатып алган киши экени аныкталган.

195
Белгилер:
Казакстан, Нур-Султан, сот аткаруучу, Банк, банк, полиция, кол салуу, балта
Тема боюнча
5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды
Алматыда 5 кишини аткан жарандын аялы: банк үйүбүздү арзыбаган акчага сатып жиберди
Лос-Анджелес шаарындагы Брюс Линин эстелиги. Архив

Лос-Анжелесте Азия кинолорунун фестивалы өтүп, Брюс Ли сыйлыгы тапшырылат

33
(жаңыланган 13:27 26.10.2021)
Иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор, кино жылдыздары келери күтүлүүдө. Брюс Линин кызы атасынын атындагы сыйлыкты алгачкы лауреатына тапшырат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШнын Лос-Анжелес шаарында 1-ноябрь күнү Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы (AWFF) башталат. Бул туурасында фестивалдын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 17:30да кызыл килемден өтүп, саат 19:00 кинолор көрсөтүлө баштайт. Алгач "Оскар" сыйлыгын алган режиссёр Хлои Чжаонун Marvel Studios Eternals фильми тартууланат. Ага Жемма Чан, Ричард Мэдден, Кумейл Нанджиани, Лия МакХью, Брайан Тайри Генри, Лорен Ридлофф, Барри Кеоган, Дон Ли, Кит Харингтон, Сальма Хайек жана Анжелина Жоли сыяктуу белгилүү актёрлор катышкан. Бул жылы Брюс Ли атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты аныкталат.

"21-октябрь күнү Лос-Анжелесте фестивалдын алдындагы иш-чара өтүп, Голливуд индустриясынын, Азия кино коомчулугунун чеберлери, Брюс Линин кызы Шеннон Ли катышты. Анда ал согуштук өнөр кинотармагын өнүктүрүүгө салым кошкон адамга берилүүчү Брюс Ли сыйлыгын негиздегенин жар салды", — деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор, кино жылдыздары келери күтүлүп жатканын айтышты. Фестивалдын алкагында Кыргызстандан "Акыркы көч" жана "Шамбала" тасмалары көрсөтүлөт.

Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо. Быйылкы кинофестиваль 1-11-ноябрь күндөрү өтүп, 20дан ашуун өлкөдөн тандалып келген 30 тасма катышат.

Белгилей кетсек, AWFF кыргызстандык режиссёр Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

33
Белгилер:
Лос-Анжелес, кинофестиваль, сыйлык, Брюс Ли
Тема боюнча
Татарстанда Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Сүрөт
Бажы кызматынын төрагалыгына жаңы дайындалган Адилет Кубанычбеков жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Жапаров Бажы кызматынын жаңы жетекчиси кандай милдет менен дайындалганын айтты

0
(жаңыланган 12:36 27.10.2021)
Кечээ Бажы кызматынын төрагасы жана эки орун басары алмашкан. Жаңы жетекчиге бюджетти толтуруу боюнча тапшырмалар берилди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагалыгына жаңы дайындалган Адилет Кубанычбековго бажыдан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлду. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Бажы кызматынын төрагасы жана эки орун басары алмашкан.

"Бажы кызматынан акча түшүүлөр боюнча быйылкы план 38 миллиард сом. Ошону эмдиги жылы 105 миллиард долларга көтөрөсүң деген милдет койдук. Быйыл эгер кытай тарап айткан алгоритмди ишке ашырсак, бизде ачык-айкындуулук болсо, кирип жаткан машиналардын санын эки эсе көбөйтөбүз. Кечээ "Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттеринен 30дан машина өттү. Кытай жакынкы 10 күндүн ичинде дагы эки эсе көбөйтөбүз деп жатат. Андай болсо бул жигит (жаңы төрага — ред.) күнүнө 100 машинадан өтө турган деңгээлге жеткириши керек", — деди Жапаров.

Өкмөт башчынын айтымында, Кытайдан ай сайын 5 000 машина кирип турушу керек. Ташылган жүктүн бир килограммынан жок дегенде бир доллардан ала турган болсо, бир жылда 1 миллиард 188 миллион долларга чейин кошумча акча түшөт.

Жапаров ушундай механизмди президентке көрсөтүп, өкмөттүн планын бекитип иштер башталганын белгиледи.

0
Белгилер:
Акылбек Жапаров, Мамлекеттик бажы кызматы, Адилет Кубанычбеков, тапшырма
Тема боюнча
Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси
Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат