Кыргызстанда эртең башталчу ири машыгууга тажик аскерлери катышпайт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМашыгуудагы аскер кызматкерлери. Архив
Машыгуудагы аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн мындай чечими эмнеден улам кабыл алынгандыгын коргоо министринин орун басары так айткан жок. Машыгуу эртең башталат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Тажикстан ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Кыргызстанда боло турган ири машыгуусуна катышпайт. Бул тууралуу ЖКнын комитет жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев билдирди.

Ал тажик аскерлеринин эмнеге Кыргызстанда өтүүчү машыгууга келе албастыгын так айткан жок.

Тренировка военнослужащих КСБР ЦАР на Исссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери Көлдө машыгуудан өттү. Сүрөт
7-9-сентябрда "Рубеж-2021" деп аталган аскердик машыгуу башталат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, ЖККУнун катчылыгы менен бириккен штабынын аскерлери жана ыкчам топтору катышмакчы.

Башкы максат — ЖККУнун аскерлерди башкаруу органдарынын (жамааттык күчтөр) жетекчилеринин иш тажрыбасын жогорулатуу. Ошондой эле биргелешкен операцияда берилген тапшырмаларды аткаруудан сырткары аскердик бөлүктөрдүн эриш-аркак иштешүү чеберчилигин арттыруу экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0