Казакстанда жарылган аскердик бөлүк. Көз жумгандардын саны 17ге жетти

© Sputnik / Павел МихеевКазакстандын өрт өчүрүүчүсү. Архив
Казакстандын өрт өчүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Каза болгон өрт өчүрүүчү Жамбылдагы аскердик бөлүктөн чыккан жарылуудан жабыркап, Нур-Султан шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусундагы жарылуудан жабыркап жаткан дагы бир өрт өчүрүүчү каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

"Бүгүн, 11-сентябрда, 28 жаштагы өрт өчүрүүчү көз жумду. Ал Жамбылдагы аскердик бөлүктөн чыккан жарылуудан жабыркап, Нур-Султан шаарындагы ооруканага жаткырылган. Ошол жакта дарыланып жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Жамбыл облусундагы аскер кампасында болгон жарылуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Терезелер талкаланып, кыз ыргып кеткен. Казакстандагы жарылуунун жаңы кадрлары
Муну менен аталган кырсыктан каза болгондордун саны 17ге жетти.

Белгилей кетсек, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Мындан улам бийлик жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүргөн. Көз жумгандардын арасында аскерлер, прокурорлор жана жарылуунун кесепетин жоюу үчүн барган куткаруучулар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0