Футболчулар. Архив

Жаракат алгандары бар... Казакстанда спортчулар чабыша кеткен видео

154
Футболчулар алгач кайым айтышып, андан кийин мушташа кетишкен. Алардын чыры эмнеден келип чыкканы белгисиз.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Нур-Султанда футбол ойноп жаткан ышкыбоз клубдун спортчулары мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Окуя 11-сентябрда "Сайран-арена" спорттук аянтында болгон. Футболчулар алгач кайым айтышып, андан кийин чабышып, ал бир аздан кийин массалык мушташка айланып кеткен.

Арачалап жатып мушташты бат эле токтотушкан. Спортчулардын ар кандай жаракат алганы айтылды.

Футболчулардын чыры эмнеден келип чыкканы белгисиз.

154
Белгилер:
Казакстан, футбол, мушташ, видео
Тема боюнча
Күйөрмандар футболчулар менен оюн учурунда талаадан мушташа кетти. Видео
Казакстандык муз бийчиси Элизабет Турсынбаева. Архив

Кыргызга жээн Турсынбаеванын апасы кызы Казакстандын атынан чыкканына өкүнөрүн айтты

352
(жаңыланган 15:34 26.09.2021)
Элизабет Турсынбаева белин оорутуп алган бойдон толугу менен калыбына келе албай чоң спорттон кетүүгө аргасыз болгонун жакында эле кабарлаган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жаракатынан толугу менен сакая албай, жакында эле карьерасын жыйынтыктаган казакстандык муз бийчиси Элизабет Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева кызы Казакстандын атынан чыкканына өкүнүп жатканын айтты. Бул тууралуу анын "Матч ТВ" телеканалына берген маегине шилтеме кылып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Эске салсак, Турсынбаева белин оорутуп алган бойдон толугу менен калыбына келе албай чоң спорттон кетүүгө аргасыз болгонун жакында эле кабарлаган.

Анын апасы муз тебүү спортунда бул өлкөдө жакшы көңүл бурулбасын айтып, үй-бүлөсү өкүнгөн катачылыктар тууралуу кеп кылды.

"Жолдошум экөөбүз кызыбыз өз мекенинин атынан чыксын дегенбиз. Экинчиден, бул нерсе негизги мелдештерге жетүүгө бир аз да болсо жеңилирээк болот деп ойлогонбуз. Бирок азыр чечмибиз үчүн өкүнүп турам. Биз муз тебүү спорту жок мамлекеттин атынан чыгуу канчалык оор экенин билген эмеспиз, тозок экен. Өзүбүздүн судьялар, колдоо деген жок", — деди Султаналиева.

Ал ири державалар өз спортчуларына аска-зоо болуп, судьялар менен иштеше турганын кошумчалады.

"Эгер неберелерим бул спортту тандаса, Россиянын гана атынан чыккыла деп айтам. Албетте, Казакстанда кырдаал өзгөрбөсө. Бул менин жеке пикирим", — деди ал.

Элизабет Турсынбаева Москвада туулган, 2015-жылы АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарындагы мелдеште экинчи орунду, 2016-жылы Жаштар арасындагы II олимпиадалык оюнда жана 2017-жылы Кышкы Азия оюндарында үчүнчү орунду ээлеген. 2019-жылы дүйнөнүн вице-чемпиону болгон. Анда муз бийчиси аялдар арасында тарыхта биринчи жолу сальхов секиригин жасап төрт жолу айланган.

Белгилей кетсек, Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева — Кыргызстандын Аксы районунда туулуп-өскөн кыргыз кызы. Анын буга чейин Sputnik агенттигине айтып бергенине караганда, мектепти аяктаары менен Москвага барып, МГУнун экономика факультетинде билим алган. Жолдошу казакстандык.

352
Белгилер:
Элизабет Турсынбаева, көркөмдөп муз тебүү, Казакстан, спорт
Тема боюнча
Башка мамлекеттин таламын талашкан кыргыз балдары
Курал. Архив

Бүйүр кызыткан "Корд-М". Россиялык снайперлер Тажикстандын тоолорунда машыгууда

69
Афган чек арасынан анча ыраак эмес Ляур тоо полигонунда Тажикстандагы россиялык аскердик базанын көзгө атарлары ири калибрдеги АСВК-М "Корд-М" винтовкасынан ыраак аралыктан ок атып көрүштү.

Адистердин даярдык деңгээли жана жаңы куралдын мүнөздөмөлөрү түштүк багыттагы татаал жагдай жана потенциалдуу коркунуч шарттарына толугу менен жооп берет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган куралдын өзгөчөлүктөрүн санап, чет элдик аналогдору менен салыштырып, ошондой эле Тажикстандагы россиялык аскердик базанын бекемделишине да токтолгон.

Тажикстандагы 201-россиялык аскердик базанын көзгө атарлары полигондо жакында эле берилген ири калибрдеги АСВК-М "Корд-М" винтовкаларынан 2 000 метрге чейинки аралыктан атып көрүштү.

Өз-өзүнчө жана топтошкон буталарды жок кылуу, шайын оодарып жана басуу тапшырмалары ар кыл аралыктан снайпердик шериктер менен аткарылды. Аларды утурлай көзгө атарлар негизги жана жалган позициялардан даярдык жана жашыруун аракет этүүнү үйрөнүп, чалгын жабдууларынын жардамы менен ок атуу үчүн маалыматтарды аныкташты.

Полигондордогу окууларда адистер кыйла кыйын шарттарда тактиканы жана жеке чеберчилигин өрчүтүшөт. "Душмандын" колоннасы тийиштүү деңгээлде жакындаганда көзгө атарлар ыкчам түрдө согушкерлердин автосооттолгон техникасынын негизги агрегаттарын (кыймылдаткычтарын) иштен чыгарып, андан соң командалык курамын жок кылууга тийиш.

Байкоо салуунун, мээлөөнүн күндүзгү жана түнкү жабдууларын пайдаланууга, жердин рельефин эсепке алуу менен жайгашкан жерин жашыруу жана тымызын жылууга айрыкча көңүл бурулат. 12,7 мм калибрдеги "Корд-М" ири көлөмдүү винтовка менен жылуу оңой-олтоң иш эмес экенин белгилей кетели.

Полигондогу интенсивдүү көнүгүүлөр Борбор Азия үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени АКШ жана НАТОнун күчтөрү Афганистандан чыгарылгандан бери чөлкөмдө эл аралык террордук уюмдардын активдешүүсү байкалат.

Россиялык Борбордук аскердик округдун (Тажикстандагы россиялык аскердик база да анын курамында) күчтөрүнүн командачысы Александр Лапин "талибдер Афганистандагы бийликти басып алган убакта ИМ* позициясын жана башка эл аралык террордук уюмдардын күчтөнүшү катуу кооптондурат" деди.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн аталган республика менен чектешкен райондоруна жайылуу коркунучу күндөн-күнгө күчөп барат. Россиялык көзгө атарлар жана 201-россиялык аскердик базасынын башка адистери Пянж дайрасынын оң жээгинде, Тоолуу Бадахшан жана башка кооптуу аймактарда согушкерлердин мизин кайтарууга камынууда.

Бутасын ыраактан "жайлайт"

Россиянын Ковров шаарындагы конструкторлор тарабынан жасалган АСВК-М "Корд-М" – РФтин Куралдуу күчтөрүнө кабыл алынган эң узак аралыкка багытталган снайпердик жана дүйнөдөгү эң мыкты винтовкалардын бири.

12,7 калибрдеги күчтүү патрону 2 чакырымга чейинки аралыктан бутасын жок кыла алат, ошону менен бирге эле кадимки куралдан атылган ок көзгө атарга жете албайт. "Корд-М" винтовкасы душмандын сооттолгон техникасын, ар кандай техникалык (байланыш) каражаттарын жана октон коргоочу күрмө кийген күчтөрүн жок кылууга ылайыкталган. Мындан тышкары, бул куралдан атылган ок бетон жана кыштан тургузулган дубалдарды да тешип өтөт. Касташкан тараптын көзгө атарлары менен майнаптуу күрөш жүргүзүп, маанилүү аймактарды жана ошондой эле жээкти майда аскердик кемелерден коргой алат.

Патронсуз жана оптикалык (түнкү) мээлегичи жок "Корд-М" 10 килограммдын тегерегиндеги салмакта (абдан маанилүү мүнөздөмө), ок атар маалдагы узундугу – 1420 мм (стволдун узундугу – 1000 мм) түзөт.

Сыртынан караганда армиялык снайпердик винтовка Экинчи дүйнөлүк согуш убагындагы танкага каршы куралга окшоп кетет. Технологиялык жактан 21-кылымдын бул табылгасы – революциялык беш заряддуу курал. Россиянын Куралдуу күчтөрү аталган винтовка менен 2013-жылы куралданган, "Ратник" жабдуусуна интеграцияланган. Ок атуу үчүн 12,7×108 мм калибрдеги снайпердик патрондор пайдаланылат.

Мээлөө ыраактыгы – 2000 метрге (дүйнөлүк рекорд) чейин. Ок атуу ыкчамдыгы – мүнөтүнө 10 ирет, 1000 мм узун стволдун ресурсу – 5000ге чейин ок атат. Кундагы майда тешиктүү материалдан жасалган амортизатор менен жабылган, бул көзгө атарга эч кыйналбастан ондогон ирет ок атууга мүмкүндүк берет.

Алыстан ок атуучу жана салмагы жагынан россиялык винтовка чет өлкөлүк аналогдорунан бир топ айырмаланат. Америкалык Barrett фирмасынын 12,7 мм калибрдеги айтылуу M82 винтовкасынын салмагы – 13 килограммга чукул (акыркыларынан Barrett ХМ500 – 11,8 к). Британиялык Accuracy International фирмасынын AS50 снайпердик винтовкасы 14,1 килограммдык салмакта. М82 жана ХМ500 1100 метрден бир аз алысыраак аралыктан мээлей алса, AS500 жана AW50 мындай көрсөткүчү – 1500 метрди түзөт. Салмагы жана мээлөө ыраактыгы көзгө атар же атайын багыттагы күчтөр үчүн абдан маанилүү.

Чеп дагы бекемделет

Тажикстандагы россиялык аскердик база акыркы үлгүдөгү бул снайпердик винтовкалар менен гана жабдылган жок. Афганистандагы курч кырдаалдан улам 201-россиялык аскердик база бир топ сандагы заманбап курал жана аскердик техникага ээ болду. Анын ичинде – огнеметтор, лазер менен мээлей турган танкага каршы "Корнет" ракеталык комплекстери, ташып жүрүүчү "Верба" зениттик ракеталык комплекстери, Калашников автоматтары, ошондой эле БМП-2 пехоталык 17 аскердик машина менен жабдылды.

Пехотанын БМП-2М аскердик машинасы замбирек (30 мм) жана 7,62 миллиметрлик пулемету бар ПКТМ менен жабдылган. Штаттык 2А42 замбиреги жана кошоктолгон пулемету менен катар эле 300 ирет ок атуучу топтому бар 30 миллиметрлик автоматтык гранатомет жана танкага каршы "Корнет" ракеталык комплексин орнотуу да каралган. Күч жагынан далайды караандатпас БМП-2М каалаган маалда майнаптуу пайдаланылат.

Жакында Тажикстандагы россиялык аскердик бөлүктөр дагы 30 даана Т-72Б3М заманбап танкалары менен бекемделет. Алар бекем сотттолгон, жакшыртылган баллистикалык курал, тепловизорлуу "Сосна – У" панорамалык мээлегич, "Акведук" байланыш тутуму жана жаңы кыймылдаткыч менен жабдылган.

Быйыл аталган россиялык аскердик база мыктыланган аскердик мүнөздөмөлөрү бар дагы жүз сооттолгон техника бирдиги менен толукталат.

Тажикстандагы бул россиялык базанын медициналык мүмкүнчүлүктөрү да артып, жакын арада жаңы талаа госпиталдары, медициналык жана адистештирилген автомобилдик техника келет. Зарыл учурда аскердик медиктер жергиликтүү калкка да, афган качкындарына да көмөк көрсөтө алат.

РФтин тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко 20-сентябрда Москва афган аймагынан "соккон" коркунучтун күч алышынан улам ЖККУнун алкагында жана эки тараптуу негизде Тажикстандын коргоо дараметин чыңдоого жардамын улантарын тастыктаган.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

69
Белгилер:
Афганистан, Тажикстан, Россия, кооптуулук, машыгуу, Аскер, танк, ракета, курал
Тема боюнча
Украиналык армия – 2021: куралданышы жана даярдыгы
Х-95 гиперүндүү ракетасы: россиялык жаңы табылганын мүнөздөмөлөрү
Орус тил мугалими экзамен учрунда. Архив

Орус тилди чектөө менен экономикага залал келтиребиз... Серепчилердин пикири

0
Постсоветтик өлкөлөрдө (мурдагы СССР өлкөлөрүндө) орус тилине чындыгында мамиле кандай? Ал улуттук тилдердин өнүгүшүнө жолтообу? Ушул соболдордун тегерегинде серепчилердин көз карашын тыңдадык.

Советтер Союзу ыдырагандан бери 30 жыл өттү. Постсоветтик мейкиндикте орус тили улуттук тилди өнүктүрүүгө тоскоол эмеспи деген маселе улам көтөрүлүп калат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө бийлик өкүлдөрү тарабынан көңүл бурулуп жатканын, бир катар иш-пландар бышып-жетилип калганын, буга өтүүгө каалоо гана керектигин билдирди. Азыркы тапта республикада иш кагаздары эки — мамлекеттик жана расмий (орус) тилде жүргүзүлөт.

Ошол эле убакта постсоветтик өлкөлөрдүн бир тобунда орус тили экономикалык жана техникалык өнүгүү үчүн маанилүү деген тыянакка келишкен. Мурдагы союздук республикаларда орус тилинин ролу жана ага болгон мамиле кандай өзгөрүп жатканына Sputnik агенттигинин кабарчысы кызыгып көргөн.

Эки тилди айкалыштыруу

Президент Жапаров өлкөдө расмий иш кагаздарын жүргүзүүдөн орус тилин алууну сунуштап жатса, өлкөдөгү белдүү окуу жайлардын бири, Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети "Орус тили менен дүйнөнү багындырасыз!" деген ураан менен иштейт. Ал эми анын окумуштуулары жарыялаган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында кыргызстандыктар мамлекетти өнүктүрүү үчүн зарыл экенин белгилешет.

"Сурамжылоо жүргүздүк, — дейт филология илимдеринин доктору, университеттин профессору Мамед Тагаев. — Өлкөнүн аймактарында жашаган 30дан 60 жашка чейинки 740 кишиге суроо салдык. Бишкектин жашоочуларынын арасында бул сурамжылоону жүргүзгөн жокпуз, борбор калаада орус тили да, кыргыз тили да активдүү колдонулат".

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, респонденттердин 99 пайызы орус тили сапаттуу билим алууга жол ачып, кесиптик чеберчиликти өстүрүүгө көмөкчү болуп, заманбап эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатарын белгилешкен. Ал гана эмес, тарыхый жактан республиканын жарандары үчүн орус тили тышкы дүйнө менен баарлашуу ыкмасына (каражатына) айланып калган деп эсептейт профессор Тагаев.

"Кыргызстандын жаңы Конституциясында орус тили расмий макамын сактап калган, — дейт ал. — Өлкөдөгү саясий окуялардын алдында орус тилин коомдук колдонуудан чыгаруу керек деген популисттик билдирүүлөр жаңырып калат". Республикада быйыл 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо белгиленген эмеспи.

Иш кагаздарын жүргүзүүдөгү болжолдуу реформалар орус тилинин макамына таасир этпейби деген сурообузга жооп катары Мамед Тагаев: "Ушул тапта ар бир жаран орус тилинде кайрыла алат, бул – анын конституциялык укугу. Ошол себептен иш кагаздарын жүргүзүү кыргыз тилине өткөрүлсө, Кыргызстанда орус тилинин позициясын алда канча чабалдатары талашсыз". Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2021-жылга карата маалыматтарына таянсак, республиканын 6,6 миллион жаранынын 1,7 миллиону этникалык кыргыз эмес.

"Эки тилди айкалыштырууга мезгил жетти, — деп эсептейт профессор Тагаев. — Кыргыз жана орус тилдерин астыртан каршы коюуну токтотуп, орус тили кыргызстандыктарга чоочун эмес экенин моюнга алуу, ар бир адамдын да, бүтүндөй мамлекеттин да өнүгүшү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып берерин түшүнгөн оң".

Тил жаатында коңшуларда жагдай кандай?

Ал ортодо коңшу Казакстанда активист Куат Ахметов тарабынан уюштурулган тил рейддеринен чыккан чырга карабастан орус тилинин ролун чектөөгө аракеттер байкалбайт. Тескерисинче, Ахметов жана анын тарапташтары беш шаардагы дүкөндөрдө казак тилин билер-билбеси боюнча текшерүүлөрүнөн кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы кылмыш иши козголгонун, Ахметов улут аралык араздашууну тутантууга айыпталып жатканын маалымдады.

Ахметовдун жоругун республикадагы бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгү сынга алды, ал эми президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанда орус тили улут аралык баарлашуу тили макамына ээ экенин, "мыйзамга ылайык, анын колдонулушуна тоскоол кылууга болбостугун" эскертти.

"Казакстан Республикасынын тил жөнүндөгү" азыркы мыйзамында орус тили мамлекеттик уюмдар жана иш кагаздарында расмий түрдө мамлекеттик тил менен бирдей пайдаланууга болору каралган. Ал эми жарандарды сүйлөгөн тили боюнча кемсинтүү алардын укугун бузуу болуп саналат.

"Россия менен Казакстандын чек арасы дүйнөдөгү эң узун чек аралардан. Орус тили — Бириккен Улуттар Уюмунун алты расмий тилинин бири, ошондуктан бул маселеге маданияттуу мамиле жасоого тийишпиз", — деген Токаев казак тилин үйрөнүүгө умтулуу — бул "өз келечегин Казакстан менен байланыштыргандардын бардыгынын парзы", бирок өлкө "радикализмдин бардык формасына бөгөт болууга" даяр экенин кошумчалады.

Орус тилинин маанилүүлүгүнө жакында эле Азербайжан президенти Ильхам Алиев да токтолгон. Ал белгилегендей, өлкөдө орус тилинде билим берген 340 мектеп иштейт.

Өзбекстанда да аталган тил өнүгүү жолунда, өлкө өкмөтү эмгек мигранттарына орус тилин үйрөтүү чыгымдарын өз мойнуна алган.

"Өзбекстандын Ишке орноштуруу министрлиги Россиянын эл достугу университети менен кызматташат, — деп белгилейт Санкт-Петербургдун өзбек улуттук-маданий автономиясынын башчысы Суратбек Абдурахимов. — Бул долбоордун алкагында өзбекстандык 700 орус тил мугалими билимин өркүндөтүү программасынан өттү. Алар эми эмгек мигранттарына тил үйрөтө алышат".

Өзбекстан бийлигинин бул кадамы өлкө үчүн орус тили канчалык маанилүү экенинен кабар берерин айтат Абдурахимов.

"Кеп Россия менен алака туурасында гана эмес. Миграция деңгээли бул жакта албетте жогору, — дейт ал. — Бирок мурдагы СССРдин бөлөк өлкөлөрү менен мамилени деле алалы. Алар менен кантип сүйлөшүү керек? Орус тили — бул эл аралык билим берүүнүн, илим жана ишкерлик мамиленин тили".

"Улуттук тилдерге каршы болгон эч ким жок"

Орус тили өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү менен жакынкы чет өлкөлөр үчүн маанилүү деп эсептейт филология илимдеринин доктору, Пушкин атындагы Орус тили мамлекеттик институтунун илим боюнча проректору Михаил Осадчий. Анын айтымында, сүйлөгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө орус тили 8-орунда турат. Аны менен бирге эле 15 эл аралык уюмда колдонулат (салыштырсак, англис тили 23 уюмда пайдаланылат).

"Көп тилдүүлүк — бул заманбап дүйнөнүн абсолюттук тренди, ийгилик жана атаандаштык артыкчылыгынын элементи, — дейт Осадчий Sputnik агенттигине берген маегинде. — Эгер өлкө өз калкынын көп тилдүүлүк боюнча мүмкүнчүлүктөрүн максаттуу түрдө төмөндөтө берсе, бизнес келишимдерин азайтып, жарандардын керектөөлөрүнө карама-каршы". Михаил Осадчий Украинаны мисал келтирет.

"Чындыгында кайсы гана тил болбосун, бул —  жөнөкөй керектөөлөрдү канааттандыруу, айталы, маалымат берүү жана алуу, кандайдыр социалдык кызматтардан пайдалануу каражаты, — деп түшүндүрөт ал. — Эмне үчүн Украина жарандары орус тилиндеги спектаклдерге барып жана фильм көргүсү келет? Алар Россиянын берилген фанаттары дейсизби? Жок, болгону аларга бул тил ыңгайлуу. Тиричилик траекториясына мамлекет бийлиги кийлигишип, сиздин тилиңиз керексиз деп жатат". Орус тилинен баш тартуу Россияга сокку урат деген айрым украиналык саясатчылардын пикирлери негизсиз экенин белгилейт Осадчий.

"Бул Россиянын ички абалына эч кандай таасир этпейт, — дейт ал. — Анткен менен Украина ичинде чыңалуу бар. Жасалма чектөөлөрдү адамдардын кыртышы сүйбөйт. Көп тилдүүлүк тууралуу сөз болгондо эч кимдин "орус тилинин үстөмдүгү артсын деп өлкөнүн улуттук тилин четке сүргөн" жери жоктугун түшүнгөн дурус".

Кеп мында теңдик туурасында, кээ бирөөлөр тилди үйрөнүүгө мажбур, чет тили менен алектенгендер бул канчалык татаал иш экенин жакшы билет. Ал эми бул жагдайда сиздин артыкчылыгыңыз бар, дароо эки тилди билесиз. Эми андай артыкчылыктан өз эркиңиз менен баш тартып турасыз".

0
Белгилер:
Кыргызстан, орус тили, чектөө, экономика, эксперт
Тема боюнча
Украина: каатчылык мааракеси