Талибдер Кытай бийлиги Афганистандын жаңы өкмөтүн куттуктаганын айтты

© AFP / AAMIR QURESHIСитуация в Кабуле после захвата власти талибами
Ситуация в Кабуле после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Кытай мындан ары дагы Афганистан менен экономикалык, гуманитардык жана саясий жактан кызматташууга даяр экени айтылды.

БИШКЕК, 14-сен. – Sputnik. Кытайдын Афганистандагы элчиси талибдерди жаңы өкмөттүн куралышы менен куттуктады. Бул тууралуу "Талибан"* кыймылынын өкүлүнө таянып Sputnik радиосу кабарлады.

"Элчи Ван Ю жаңы куралган афган өкмөтүн куттуктап, Кытай мындан ары дагы Афганистан менен экономикалык, гуманитардык жана саясий жактан кызматташууга даяр экенин билдирди", — деп айтылат кабарда.

Маалыматка караганда, бүгүн тышкы иштер министри Амир Хан Мутаки менен кытай элчиси жолугушат.

Посольство Афганистана в Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
6 млн. доллар, уютулган алтындар. Талибдердин Салехтин үйүнөн тарткан видеосу
Бир ай мурда "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанга 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

9-сентябрда Өзбекстандын, ага удаа Казакстандын бийлиги Афганистандагы жаңы бийлик менен иштешүүгө даяр экендигин билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0