Японияда улгайгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТокио накануне Паралимпийских игр
Токио накануне Паралимпийских игр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп, 9 миллионго жеткен. Улгайгандар акыркы 17 жылдан бери жаштар менен теңтайлаша иштеп келе жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Японияда 65 жаштан жогору адамдардын саны алгачкы жолу 36,4 миллионго жетти, бул калктын 29,1 пайызын түзөт. Муну менен Япония кары-картаңдар жашаган өлкөлөр арасында дүйнөдө биринчи орунда турарын РИА Новости жазды. 

МАУ Комбинат питания в Новосибирске   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2020
Окумуштуулар өмүрдү узартып, карылыкты жайлатуунун сырын атады
Бүгүн өлкөдө Карылар күнү белгиленип жатат. Бир жыл ичинде Японияда улгайгандардын саны 220 миңге өскөн.

Өлкөдө жалпы эркектердин 26 пайызын карыгандар түзөт, ал эми аялдардын 32 пайызы жашы өткөндөр экени айтылды.

Ошондой эле иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп, 9 миллионго жеткен. Улгайгандар акыркы 17 жылдан бери жаштар менен теңтайлаша иштеп келе жатканы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0