Алматыда 5 кишини аткан жарандын аялы: банк үйүбүздү арзыбаган акчага сатып жиберди

© Sputnik / Тимур БатыршинАлматыда атууга шектүүнүн жубайы Анаида Демирчян
Алматыда атууга шектүүнүн жубайы Анаида Демирчян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Ок чыгарган киши ошол замат колго түшүрүлгөн. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, ал 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экени айтылууда.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Алматы шаарында полиция кызматкерлерин кошуп, беш адамды атып салган жарандын жубайы Анаида Демирчян элге жана президентке кайрылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон. Кийин өлгөндөрдүн бири үйдү банктан сатып алган киши экени белгилүү болгон.

"Тилекке каршы, Казакстанда мыйзам биз каалагандай иштебейт. Мамлекет жашы жете элек балдарды коргобойт. Менин үч балам болсо, экөөнүн жашы жете элек. Банк бизди алдап, сызга отургузуп кетти. Биздин үйүбүздү өз баасынан 5 эсе төмөн, арзыбаган тыйынга сатып салды. Биз бир нече жолу нөөмөттөгү прокурорго, полицияга чалдык. Келген жок", — деди Демирчян.

Ал жолдошун айласы түгөнгөн оор абалга сот аткаруучу жеткиргенин билдирди.

Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин жаныдагы полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок
"Бизди сот аткаруучу коркутуп жаткан видео бар. Телефон чалып балдарыңды кууп чыгам деп коркутчу. Ушул тапта бизди үйдөн чыгаруу боюнча чечим талашта болчу. Маркумдардын жакындарына көңүл айтым. Ооба, жолдошум ката кетирди. Бирок аны буга сот аткаруучу жеткирди, далилим бар. Кичине балдарыбыз болгондуктан абалыбызды түшүндүрүп, карызды жабуу үчүн салонубуздан түшкөн киреше жетиштүү экенин дагы айтканбыз. Бирок банк бизди жок кылгысы келди", — деди Демирчян.

Ошондой эле ал каргашалуу окуя учурунда эмне кылып жатканын айтып берди.

"Үйдө балдарым, карыган энебиз менен болчумун. Кичине баламдын жүрөгү оорукчан. Анын оорусу кармап жатып калганынан тез жардам чакыртып жаткам. Муну көргөн сот аткаруучу медиктерди чакырууга дагы жараган жок. Бир маалда ок атылганын уктум. Балким, биз чакырган учурда прокурор келип, юридикалык жактан баарын туура түшүндүрсө мындай трагедия болмок эместир. Биз мыйзамды сыйлаган жарандарбыз! Буга чейин миллион жолу президентке кайрылгам. Азыр дагы кайрылам. Урматтуу президент, Баш мыйзамдын гаранты катары бойго жете элек балдарымды коргоп бериңиз", — деди ал.

Ок чыгарган киши ошол замат колго түшүрүлгөн. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, ал 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0