Тажикстан: электр кубатын Кыргызстанга саткан үчүн эки өлкөгө экспортту азайттык

© Sputnik / Евгений Переверзев / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкө Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт саат электр энергиясын ала баштаганын айткан.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Тажикстан Афганистан менен Өзбекстанга экспорттогон электр энергиясынын көлөмүн кыскартып, Кыргызстанга сата баштады. Бул тууралуу энергетика боюнча ведомствого шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, буга чейин эки өлкө Тажикстандан кубаттуулугу 220-500 киловатт-саатка жеткен электр өткөрүү зымдары аркылуу электр энергиясын алып жаткан. Эми товар 110 киловатт-саатка жеткен электр өткөрүү зымдары аркылуу гана жөнөтүлө баштады.
"Мындан улам Кыргызстанга электр энергиясын берип жатабыз. Буга Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кескин түшүп кеткени себеп болууда. Учурда суткасына 1,2 миллион киловатт-саат жөнөтүлүүдө. Андан көп берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Анткени Тажикстандын негизги гидростанциялары жайгашкан Вашх дарыясынын агымы азайып кетти", — деп айткан ведомстводон.
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Энергохолдинг: лимит сакталбай жатканы электр кубатына таасир тийгизиши мүмкүн
Буга чейин Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкө Тажикстандан күнүнө 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын ала баштаганын айткан. Ал эми президент Садыр Жапаров коңшу өлкө менен катар Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясы импорттолуп жатканын кошумчалаган. Өлкө башчысы сатып алынып жаткан электр энергиясынын баасы 2 сомдун тегерегинде экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0