Кооздолгон унаа. Архив

Автоунаадан ооп түшчүдөй болуп... Өзбекстандагы фотографтын чочуткан сүрөтү

417
"Жөргөмүш адам" сымал айдоочу өзүнүн өмүрүн гана коркунучка кептебестен, жол кырсыкка да себепчи болуп кала жаздаган.

БИШКЕК, 12-окт. – Sputnik. Ташкенттеги көчөлөрдүн биринде фотографтын жолдо кетип бара жаткандарды чочуткан сүрөтү интернетке жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Анда иштин кызыгына кирип алган фотографтын автоунаанын кабинасынан тулку боюн, бир бутун кошо чыгарып алып, эңкейип алды жакка үңүлүп сүрөт тартып бара жатканын көрүүгө болот. Агенттик бул учурда автокөлүк жолдо жүрүп бара жаткандыгын жазган.

Анын ким экендигине Ташкенттин тартип коргоо органдары кызыгып, окуя өткөн ишемби күнү саат 14:00дөр чамасында болгондугун аныктап, таап чыккан. Мындай кылыгы менен "жөргөмүш адам" сымал айдоочу өзүнүн өмүрүн гана коркунучка кептебестен, жол кырсыкка да себепчи болуп кала жаздаган.

Маалыматта жол эрежесин бузган кишинин административдик айыпка жыгылганы жазылган. Аны менен кошо автокөлүктүн айдоочусуна да айып салынганы айтылды.

417
Белгилер:
Өзбекстан, фотограф, айып пул, жол эрежеси
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

347
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

347
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
Президент Садыр Жапаров жана Узбекистан президенти Шавкат Мирзиёев. Архив

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

105
(жаңыланган 18:29 25.10.2021)
Өзбекстандагы президенттик шайлоодо беш талапкер ат салышып, учурдагы президент Шавкат Мирзиёев алдыга озуп чыкты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары, мындан сырткары, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле регионалдык өз ара байланышты талкуулашкан.

Алдын ала чыккан жыйынтык боюнча Шавкат Мирзиёев шайлоодо элдин добушунун 80 пайызына ээ болгон.

Белгилей кетсек, бул жолку шайлоого өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын талапкерлери ат салышты.

Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми "Миллий тикланиш" партиясынан 46 жаштагы Алишер Кадыров, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан 60 жаштагы Максуда Варисова, "Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов, "Экология" партиясынан 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов катышты.

105
Белгилер:
Өзбекстан, шайлоо, президент, Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаров, куттуктоо
Тема боюнча
Жапаров Мыкандагы мектептин ачылышына катышты. Сүрөт
Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. 5 талапкер ат салышууда