Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. 5 талапкер ат салышууда

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOТашкенттеги шайлоо участогунда адам
Ташкенттеги шайлоо участогунда адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
Бул жолку шайлоого өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан билдирди.
Коңшу өлкөнүн бардык аймактарында саат 8:00дө шайлоо участкалары ачылды, алар 20:00гө чейин иштейт.
Бул жолку шайлоого өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Дүйнө таң кала тургандай шайлоо өткөрөлү. Жапаров аткаминерлерге кайрылды
Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми "Миллий тикланиш" партиясынан 46 жаштагы Алишер Кадыров, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан 60 жаштагы Максуда Варисова, "Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов, "Экология" партиясынан 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов катышып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0