Президент Садыр Жапаров жана Узбекистан президенти Шавкат Мирзиёев. Архив

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

126
(жаңыланган 18:29 25.10.2021)
Өзбекстандагы президенттик шайлоодо беш талапкер ат салышып, учурдагы президент Шавкат Мирзиёев алдыга озуп чыкты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары, мындан сырткары, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле регионалдык өз ара байланышты талкуулашкан.

Алдын ала чыккан жыйынтык боюнча Шавкат Мирзиёев шайлоодо элдин добушунун 80 пайызына ээ болгон.

Белгилей кетсек, бул жолку шайлоого өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын талапкерлери ат салышты.

Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми "Миллий тикланиш" партиясынан 46 жаштагы Алишер Кадыров, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан 60 жаштагы Максуда Варисова, "Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов, "Экология" партиясынан 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов катышты.

126
Белгилер:
Өзбекстан, шайлоо, президент, Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаров, куттуктоо
Тема боюнча
Жапаров Мыкандагы мектептин ачылышына катышты. Сүрөт
Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. 5 талапкер ат салышууда
Президент Садыр Жапаровду ташыган №1 борт Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду.

Садыр Жапаров Ашхабадга жетти. Аэропорттогу сүрөт, видео

173
(жаңыланган 13:50 28.11.2021)
Президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровду ташыган №1 борт Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент Садыр Жапаровду ташыган №1 борт Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду.
    Участие президента КР Садыра Жапарова в 15-м саммите ОЭС в Ашхабаде
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Встреча президента КР Садыра Жапарова в Ашхабаде (Туркменистан) где примет участие в 15-м саммите Организации экономического сотрудничества (ОЭС)
    Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстанга кеткен.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Встреча президента КР Садыра Жапарова в Ашхабаде (Туркменистан) где примет участие в 15-м саммите Организации экономического сотрудничества (ОЭС)
    Анын алкагында өлкө башчы Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров прибывает с рабочим визитом в город Ашхабад (Туркменистан) где примет участие в 15-м саммите Организации экономического сотрудничества (ОЭС)
    Президенттин учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Участие президента КР Садыра Жапарова в 15-м саммите ОЭС в Ашхабаде

Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстанга кеткен. Анын алкагында өлкө башчы Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

"Президенттин учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду. Аба майданда Кыргызстандын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Президент бүгүн кечинде Бишкекке кайтмакчы.

173
Белгилер:
Садыр Жапаров, Ашхабад, аэропорт, сүрөт
Тема боюнча
Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео
Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдындагы митинг

Тажикстанда тынч эмес. Күндүз болгон митинг Москвадагы элчиликте уланды

573
(жаңыланган 00:51 26.11.2021)
Митингге чыккандар Тажикстандын укук коргоо органдарына нааразы болууда. Күндүз Хорог шаарындагы акцияда элге ок атылганы айтылган, бирок маалыматты расмий такташа элек.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында жүздөгөн адам митингге чыкканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Жеринде иштеп жаткан кабарчы полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, элчиликтин имаратына чейинки жолду курчоого алганын айткан. Жалпысынан абал тынч, эл дипломатиялык өкүлчүлүккө жакын көчөлөрдө чогулган.

Нааразычылык күндүз коңшу өлкөдө башталган. Хорог шаарында Гульбуддин Зиёбеков аттуу киши кармалгандан кийин митингге чыккандар болгон. Ал аймактык прокурордун жардамчысын уурдап кетип сабаган деп шектелген. Прокуратура кармоо учурунда ал ок чыгаргандыктан жооп катары ага да ок атылганын айткан. Бирок социалдык тармактарда ал өлтүрүлгөндүктөн нааразычылык чыкканы тууралуу маалымат тараган.

Айрым ЖМКлар митингге чыккандарга ок атылып, эки киши көз жумганын жазды, бирок расмий түрдө комментарий бериле элек.

Учурда Хорогдо коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

573
Белгилер:
Тажикстан, Россия, митинг, нааразычылык
Тема боюнча
Беларустун чек арасында мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды
Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалып жатат
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме