Дүйнөдөгү каалаган ЖОЖдо окумак. Казакстандык вундеркинддин сөөгү көчөдө табылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСтудент. Архив
Студент. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, баланын атасы полицияга уулу 3-ноябрь күнү жолугушууга кеткен бойдон кайтпаганын айтып, арыз жазган.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Алматы шаарында билим деңгээли жагынан уникалдуу рекорд жараткан Акназар Кажымураттын сөөгү табылды. Бул тууралуу полицияга шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, баланын атасы полицияга уулу 3-ноябрь күнү жолугушууга кеткен бойдон кайтпаганын айтып, арыз жазган.
"Полиция ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, жигиттин сөөгүн 5-ноябрь күнү Алматынын Бостандык районунан тапкан. Анын денесинде кыйнап өлтүрүүнүн белгилери жок. Андыктан өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат", — деп жазылат кабарда.
Акназар Кажымурат 2018-жылы мектепти аяктап жатып, билим деңгээлин аныктоо боюнча эл аралык ACT жана SAT Subject Tests тесттерин тапшырууда абсолюттук рекорд жараткан. Ал математика, физика жана биология сабактары боюнча тест тапшырып, эки тесттен тең мүмкүн болгон эң жогорку балл (36 жана 2400 балл) алган. Мындан улам ага дүйнөдөгү өзү каалаган университетке тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0