Казакстанда шахтада 6 киши метанга ууланып көз жумду

© REUTERS / Kacper Pempel / File PhotoКөмүр шахтасындагы кишилер. Архив
Көмүр шахтасындагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Шахтада каза тапкандардын улуусу 53, кичүүсү 31 жашта болгон. Жабыркаган эки киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Казакстандын Караганда облусундагы Абай шахтасынан метан чыгып, алты киши көз жумуп, экөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Окуя кечээ күнү эртең менен болгон. Көмүр шахтада жалпысынан 64 киши иштеп жаткан. 56 адам сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүп, сегиз киши калып калган.
Каза тапкандардын улуусу 53, кичүүсү 31 жашта. Жабыркаган эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланды.
Казакстандагы кафедеги үрөй учурган жарылуу эмнеден чыкканы айтылды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Казакстандагы кафедеги үрөй учурган жарылуу эмнеден чыкканы айтылды. Видео
Окуяны ӨКМ башчысы Юрий Ильиндин жетегиндеги топ иликтеп жатат. Анын айтымында, Абай шахтасын май айында эле жабуу үчүн сотко доо жөнөтүлгөн. Бирок текшерүүдө кемчиликтер жоюлганы маалым болгондуктан кайра иштөөгө уруксат берилген. Кырсыктан кийин шахтанын иши убактылуу токтотулду.
Министрдин билдиришинче, бул жакта маал-маалы менен метандын топтому чыгып турат, бирок адам өмүрүнө көп коркунуч келчү эмес. Адатта 5 пайыздан 16 пайызга чейин уулуу зат бөлүнүп турган. Соңку каргашада бөлүнүп чыккан метан 41 пайызды түзгөн.
Абай шахтасында 2008-жылы да жарылуу болуп 30 киши көз жумганы маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0