Казакстанда балдар мектептерде коронавируска каршы эмделе баштайт

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүШприц кармап турган медицина кызматкери. Архив
Шприц кармап турган медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Казакстанда 12-17 жаштагы балдар коронавируска каршы Pfizer вакцинасын алып жатышат. Ушул эле вакцинаны 12 жаштан жогорку өспүрүмдөр үчүн Өзбекстан да колдонууда.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Казакстанда мектептерде 12-17 жаштагы балдар коронавируска каршы эмделе баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цойго шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Илгертеден бери Казакстанда окуучуларды эмдөө иштери мектептерде жүргүзүлүп келет. Коронавируска каршы вакцинаны деле мектептеги медициналык жайдан  жүргүзүүгө болот. Болгону ата-энелер макулдугун бериши керек", — деди Цой.
Коронавируска каршы эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Эмделген киши коронавирусту беш эсе жеңил көтөрөт. Изилдөө
Белгилей кетсек, Казакстанда 12-17 жаштагы балдар коронавируска каршы Pfizer вакцинасын алып жатышат.
Ушул эле вакцинаны 12 жаштан жогорку өспүрүмдөр үчүн Өзбекстан да колдонууда. Октябрдын аягында өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 177 миңден ашык бала эмдөөдөн өткөнүн кабарлаган.
Эске салсак, Россиянын "Спутник V" вакцинасын 12-17 жаштагы балдарга колдонууга уруксат берүү үчүн июль айында препаратты сыноо башталган. Балдарга бир дозанын 10дон бир бөлүгү куюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0