Женщина в деловом костюме во время переговоров. Иллюстративное фото

Бир нече миң доллар. Казакстандагы облус жетекчилери канча айлык алары айтылды

132
Кызыл-Ордо облусунун акими аталган аймакты 2020-жылдын март айынан бери жетектеп келет. Анын айлыгы жакында эки эсе көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун акими Гүлзара Абдыкаликова айлыгы канча экенин айтканын Sputnik Казакстан жазды.

Анын билдиргенине караганда, маянасы алгач 986 миң тенге — болжол менен 197,2 миң сом же 2 268 доллар болгон. Бул айым облусту тогуз айдан бери жетектеп келет. Баса, Казакстандагы бирден-бир аял аким.

Абдыкаликова быйыл фактордук-баллдык система менен коэффициентти 1,9га көтөрүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

"Бирок буга чейин эки жыл эмгек өргүүгө чыкпагандыктан дароо эс алууга кеткем. Азыр акыркы ирет мага чыккан айлыктын суммасы болжол менен 1,8 миллион тенге", — деп билдирген ал.

1,8 миллион тенге — болжол менен 360 миң сом же 4,1 миң доллар. Буга чейин дагы бир аткаминер, Түркстан облусунун жетекчиси Умирзак Шукеевдин канча айлык алары айтылган. Анын маянасы 1,9 миллион тенге (болжол менен 4,4 миң доллар) дешкен.

Казакстан бийлиги мындай фактордук-баллдык шкала мамлекеттик кызматка кызыгууну арттырып, кадрдык түзүмдүн туруктуулугун сактайт дешкен.

Биз Кыргызстан менен салыштыруу иретинде карап көрүүнү чечип, Талас облусунун мурдагы жетекчиси Марат Мураталиевдин 2018-жылдагы декларациясына көз чаптырдык. Эске салсак, акимдик кызмат Кыргызстанда облус эмес, райондун жетекчилери. Ал кезде Мураталиев декларациясына башка кирешелерин жазбастан, таза айлыгын гана көрсөткөн. Көрсөтүлгөн жылы аким 275 997 миң сом тапкан. Эгерде муну 12 айга бөлсөк, маянасы 30 миң сом болот.

132
Белгилер:
Казакстан, Кыргызстан, аким, айлык-акы, декларация
Тема боюнча
Россияда кайсы кесипти аркалаган жаштар эң көп маяна алары аныкталды
Бишкек, Нур-Султан жана Москвадагы айлык менен азык-түлүктүн баасы. Салыштыруу
Кыздар кара далы болбойбу? Жапаров мугалимдердин маянасы качан көбөйөрүн айтты
Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов. Архивдик сүрөт

Түркмөн башчысы Бердымухамедовдун жубайы алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Сүрөт

439
(жаңыланган 12:29 29.11.2021)
Эл көзүнөн оолак жүргөн канайымды түрк басылмалары тартып алган. Ачык маалыматтарда ал жолдошу менен жашташ экени жана төрт баланы тарбиялаганы айтылат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы Огулгерек Бердымухамедова алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Бул тууралуу Түркиянын Sondakika агенттиги жазды.

​Ага ылайык, Ашхабад шаарында Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолуккан.

Түрк лидери жубайы Эмине Эрдоган менен Түркмөнстанга Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынына катышуу үчүн келген.

Бул сапарды чагылдырган түрк басылмалары президенттерди жубайлары менен тарткан. ЖМКлар бул Түркмөнстандын канайымы Огулгерек Бердымухамедованын расмий алгачкы сүрөтү экенин белгилеген. Ошол эле түркмөн ЖМКлары биринчи айымдын сүрөтүн жарыялаган эмес.

Огулгерек Бердымуxамедова — эл көзүнөн оолак, табышмактуу каныйымдардын бири. Үч кыз, бир уулдун апасы. Ачык маалыматтарда ал жолдошу менен жашташ экени айтылат.

439
Белгилер:
Түркмөнстан, Гурбангулы Бердымухамедов, канайым, сүрөт, Огулгерек Бердымухамедова
Тема боюнча
Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп, кызматташчу өзгөчө багыттарды атады
Бердымухамедовдун вице-премьерлер менен футбол ойногон видеосу
Кайрат менен Шахтердун финалдык беттеши

Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" Казакстандын кубогуна ээ болду. Видео, сүрөт

322
(жаңыланган 10:09 29.11.2021)
Кайрат" менен "Шахтердун" финалдык беттеши "Астана Арена" стадионунда кечээ кечинде өткөн. Кыргыз футболчусу 81-мүнөттө алмашууга кирген.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" футбол клубунун курамында Казакстандын кубогу мелдешин жеңди. Футболчунун командалаштары менен жеңишти майрамдаган сүйүнүчтүү сүрөтүн команда Facebook баракчасына койду. 

"Кайрат" менен "Шахтердун" финалдык беттеши "Астана Арена" стадионунда кечээ кечинде өткөн. Кыргыз футболчусу 81-мүнөттө, оюн эсеби 2:2 болуп турганда алмашууга кирген.

Негизги бөлүк жана экстра-тайм 3:3 менен аяктап, жеңүүчү пенальти сериясынан аныкталды.

Алматылыктар таамай тээп 9:8 эсеби менен жеңип кетти. Гүлжигит Алыкулов пенальтилердин бирин тээп гол киргизди. Ал эми атаандаш команданын футболчусу тепкен акыркы пенальтини "Кайраттын" дарбазачысы Покатилов тосуп алган.

322
Белгилер:
Гүлжигит Алыкулов, футбол, ФК Кайрат, Алматы, Казакстан, кубок, мелдеш
Тема боюнча
Кыргыз балам! "Кайраттын" экс-насаатчысы Гүлжигит Алыкуловду куттуктады
Роналду командасына кыйкырып, ыйлап жиберди. Архивдик видео
АФК президенти менен кыргыз футболун өнүктүрүү талкууланды
Көчөдө бараткан аял. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
30-ноябрь, шейшембиге, караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Таласта +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын аймагында -2...+3 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +12...+14, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин жете турганы айтылды.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйнө тынчсызданган "омикрон" штаммынын белгилери, кайдан чыкканы айтылды