Өзбекстан сооттолгон машина чыгара баштады. Сүрөт

© Фото / Государственный комитет Республики Узбекистан оборонной промышленностиПроизводство бронированных машин Qalqon в РУз
Производство бронированных машин Qalqon в РУз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Автомобиль өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик топтун бардык сыноолорунан ийгиликтүү өткөнү айтылууда.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Өзбекстан Qalqon ("Калкон") аталыштагы сооттолгон машиналарды чыгара баштады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат булагы жазды.
Республиканын коргоо ишканаларынын биринде иштелип чыккан машина күч органдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик топтун бардык сыноолорунан ийгиликтүү өткөнү айтылууда.
Кошуна республиканын мамлекеттик комитети аталган техникалар "нөлдөн" баштап жасалганын билдирген. Мекеме бронмашиналар Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө жеткирилип жатканын кошумчалайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0