Паспорт гражданина Казахстана на избирательном участке № 265 на внеочередных выборах президента Казахстана в посольстве Казахстана в Москве.

Коңшу өлкөдө 24 адам Казакстан, 18 киши Түркистан ысымын алып жүрөт

131
Коңшу Казакстанда Семей, Түркистан, Атырау, Тараз, Костанай, Актау жана Нур-Султан деп аталган ысымдар да кездешет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Казакстан Республикасында 24 адам Казакстан деген ысымды алып жүрөт. Бөбөктөргө андан башка дагы жер-суунун аты ыйгарылган учурлар бар.

Sputnik Казакстан маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Казакстан аттуу жарандар Акмола облусунда жашайт. Карагандыда төрт, Костанайда үч, Шымкентте эки жана өлкөнүн батыш жагы менен Маңгыстауда бирден ысымдаштар турары белгилүү болду.

Ал эми башка шаарлардын аталыштары боюнча сереп салсак, Семей ысымы 28 , Алматы 21, Түркистан 18, Атырау 15, Тараз 14, Костанай 12, Актау 11 адамга ыйгарылыптыр.

Нур-Султан ысымын алган 10 учурду эсепке кошпосо болот, бул шаар өлкөнүн туңгуч президенти Назарбаевдин ысымынан жакында эле ыйгарылганы баарына белгилүү. Андан сырткары, Шымкент эки, Актөбе менен Талдыкорган аттары бирден бөбөккө ыйгарылган.

2021-жылдын 1-октябрына карата Казакстанда 19,1 миллион адам жашаары катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,3 пайызга көп.

Ал эми облустар боюнча ала келгенде Алматы менен Түркистан дубандарында калктын көп бөлүгү, тагыраагы, 2,1 миллион адамдын жашаары белгилүү болду. Анын артынан Алматы шаары (2 миллион) келери айтылды.

Эли эң аз Түндүк Казакстан облусу дешти. Анда учурда жарым миллионго жетпеген, тагыраагы, 539,4 миң адам жашайт экен.

131
Белгилер:
Казакстан, Нур-Султан, Алматы, Тараз, калк, ысым, статистика
Тема боюнча
Бир нече миң доллар. Казакстандагы облус жетекчилери канча айлык алары айтылды
Биринен бири өтүп... "Казакстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүлөрү видеодо
Казакстанда жалгыз бой ата-энелерге аралыктан иштөөгө уруксат берүү каралууда
Кишилер Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын логотибинен жанында

АКШ бийлиги Кытайда өтө турган Олимпиада оюндарына бойкот жарыялады

21
(жаңыланган 11:45 07.12.2021)
Жо Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөй турган болду.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ бийлиги 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялагандыктан, иш-чарага Американын бийлик өкүлдөрү катышпайт. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки брифинг учурунда билдирди.

"Кытайдагы адам укугунун бузулушу жана Синьцзяндагы геноцидди эске алуу менен Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөйт", — деди ал брифингде.

Ошол эле учурда бул бойкоттун АКШлык спортчуларга тиешеси жок экени айтылды.

"Ал эми Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларыбызды 100 пайыз колдойбуз", — деди Псаки.

Эске салсак, Синьцзяндагы окуяларга байланыштуу АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдиги Кытайга каршы санкция жарыялашкан. Алар Кытай бийлиги уйгурлар жана алар сыяктуу башка этникалык азчылыктардын укугун бузуп, эркине каршы эмгегин пайдаланып жатат деп айыптоодо. Пекин бул айыптоолордо айтылгандардын бардыгын төгүндөп келет. Кытай бийлиги Синьцзянга байланыштуу окуялар адам укугуна эмес, террорчулук жана сепаратизмге тиешелүү экенин билдирет.

21
Белгилер:
АКШ, Кытай, олимпиада, адам укугу, спорт, саясат, бойкот
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат
Нур-Султан шаарынын көчөлөрүнүн биринде бараткан аялдар. Архив

COVID-19: Казакстан толугу менен "кызыл" зонадан чыкты

60
(жаңыланган 10:42 06.12.2021)
"Кызыл" зонада акыркы аймак болуп Түндүк Казакстан облусу калган. 6-декабрь күнү ал "сары" зонадагы региондордун катарына кошулду.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Казакстандын бардык аймактары COVID-19 боюнча "кызыл" зонадан чыкты. Бул тууралуу Коронавирустун жайылып кетишин токтотуу боюнча ведомстволор аралык комиссияга шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, "кызыл" зонада акыркы аймак болуп Түндүк Казакстан облусу калган. 6-декабрь күнү ал "сары" зонадагы региондордун катарына кошулду.

Ушул тапта "сары" зонада Нур-Султан шаары, Акмола, Караганда, Павлодар, Костанай жана Түндүк Казакстан облустары бар.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө 632 кишинин коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын ичинен 102си Нур-Султан шаарынын тургундары.

Өлкөдө абал жакшырып калганы менен казак бийлиги чектөөлөрдү жое элек. Мисалы, 3-декабрдан тарта Казакстанга кирүү эрежесин катаалдаштырып, коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталган өлкөлөр менен аба байланышы токтотулган.

 

60
Белгилер:
Казакстан, коронавирус, абал, пандемия, чектөө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет
Кытай грантынын эсебинен жол боюнча үч ири долбоору

Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча ири долбоор сунуштады

18
(жаңыланган 12:12 07.12.2021)
Келерки жылы Кытайдын жардамы менен Бишкектеги жолдорду куруу жана оңдоо боюнча кезектеги фазаны ишке ашыруу пландалып жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча үч ири долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Мэр города Бишкек Айбек Джунушалиев ознакомился с проектами, которые находятся на рассмотрении для третьей фазы дорожного проекта за счет гранта КНР. 07 декабря 2021 года
© пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек Шамбетов
Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча үч ири долбоорду ишке ашырууну сунуштады

Муниципалитеттин маалымат кызматы 2022-жылы "Бишкек шаарынын ички жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун үчүнчү фазасын баштоо пландалып жатканын эске салды.

Мэрия сунуштаган долбоорлор:

  • Лев Толстой — Фучик — Садырбаев (Бах) көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү автотранспорттук жол курулуп, Фучик көчөсү узартылат. Ошондой эле Бахтын Лев Толстойдон Гагаринге чейинки бөлүгү оңдолот;
  • Лев Толстой менен Жаш гвардия проспектисиндеги транспорттук түйүн проспектиден Матыев көчөсүнө чейин узартылат. Ошондой эле Чапаев көчөсүнө Ала-Арча дарыясы аркылуу өткөн көпүрө курулат;
  • Темир жол аркылуу Сүйүнбаев жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнө Лев Толстойго чыккан жол үстүндөгү көпүрөлөрдү куруу;
  • Кийин Кара-Дарыя көчөсүнүн Лев Толстойдон Медеровго чейинки бөлүгүн узартууга мүмкүнчүлүк жаралары айтылды.

Учурда долбоор алдындагы иштер жана алдын ала эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.

18
Белгилер:
Бишкек, Кытай, грант, жол оңдоо, куруу, көпүрө, мэрия, долбоор, план
Тема боюнча
Бишкектин 23 жерине жол чырак коюлду. Даректери
Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт