COVID-19: Казакстан толугу менен "кызыл" зонадан чыкты

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүНур-Султан шаарынын көчөлөрүнүн биринде бараткан аялдар. Архив
Нур-Султан шаарынын көчөлөрүнүн биринде бараткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
"Кызыл" зонада акыркы аймак болуп Түндүк Казакстан облусу калган. 6-декабрь күнү ал "сары" зонадагы региондордун катарына кошулду.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Казакстандын бардык аймактары COVID-19 боюнча "кызыл" зонадан чыкты. Бул тууралуу Коронавирустун жайылып кетишин токтотуу боюнча ведомстволор аралык комиссияга шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, "кызыл" зонада акыркы аймак болуп Түндүк Казакстан облусу калган. 6-декабрь күнү ал "сары" зонадагы региондордун катарына кошулду.
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2021
Россияга кайсы учурда локдаун киргизилиши мүмкүндүгүн вирусолог айтты
Ушул тапта "сары" зонада Нур-Султан шаары, Акмола, Караганда, Павлодар, Костанай жана Түндүк Казакстан облустары бар.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө 632 кишинин коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын ичинен 102си Нур-Султан шаарынын тургундары.
Өлкөдө абал жакшырып калганы менен казак бийлиги чектөөлөрдү жое элек. Мисалы, 3-декабрдан тарта Казакстанга кирүү эрежесин катаалдаштырып, коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталган өлкөлөр менен аба байланышы токтотулган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0