Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул аптада Ош шаарындагы базар бааларына көз салдык.

Жай мезгилинин келиши менен дасторкон үстү мөмө-жемиштерге берекесин төгөт эмеспи. Бүгүнкү инфографикага алча жана абрикос бааларын алып чыктык. Базарда алчанын бир килограммы 200 сом болсо, абрикосту 150 сомдон сатып алсаңыз болот. Мөмө-жемиштен көбүрөөк жеп, ден соолугуңузга кам көрүңүз.

29-майда бир канча айдан бери килограммы 75 сомдон жогорулабай да, төмөндөбөй да бир калыпта турган күрүчтүн "Элита" түрүнүн баасы өзгөрдү. Ал Бишкек базарларында 5 сомго арзандаса, Ош шаарында 5 сомго кымбаттаганы байкалууда.

Башка азыктарга баалар кандай болгонун бул жактан караңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0