Канчадан?

Жазылуу
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул аптада Каракол шаарындагы базар бааларына көз салдык.

Жайдын келиши менен базарга жер-жемиштердин чыкканы шаар тургундарын сүйүндүрүүдө. Шабдаалы менен көк алма базарларда сатылып жатат. 

Шабдаалынын килограммы 200 сомдон сатылса, кычкыл көк алмалар 150 сомдон сатылууда.

Этти жантыгынан жата калып жегендер үчүн жакшы кабар: кой эти Бишкектин базарларында 30 сомго, уй эти 50 сомго арзандады. Жашылчалар да арзандап жатат. Мисалы, бадыраңды супермаркеттерден 19 сомго алсаңыз, базарда 15 сомдон сатылууда. Бирок, аймактарда анын баасы жогору бойдон эле сакталууда. Караколдо бир килограмм бадыраң 35 сом турат.

Бир жумада азык-түлүктүн баасы кандай өзгөргөнүн төмөнкү инфографикадан караңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0