Канчадан? 12-январга карата азык-түлүктүн баасы

156
(жаңыланган 17:15 12.01.2018)
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Жалал-Абад шаарынын базарларындагы бааларга баам салдык.

Бул жумада Бишкектин базарлары менен гипермаркеттеринде азык-түлүктүк баасы бир аз арзандады.

Пияз менен сабиз 3 сомго, бадыраң 10 сомго арзандаган.

Калган азык-түлүктүн баасы өзгөргөн эмес. 

Калк үчүн биринчи кезекте керек болгон азык-түлүктүн баасы бир жылда кандай өзгөргөнүн инфографикадан тапсаңыз болот. 


156
Белгилер:
гипермаркет, базар, баалар, азык-түлүк, Жалал-Абад, Бишкек, Кыргызстан

Канчадан? 20-мартка карата азык-түлүктүн баасы

240
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 40 сомго, помидор 20 сомго, уйдун эти 10 сомго арзандады. Ал эми супермаркеттерде мурдагы жумага салыштырмалуу помидор 15 сомго, бадыраң 30 сомго арзан сатылууда. Бирок ушул эле супермаркеттерде койдун эти 20, уйдун эти 10, элита күрүчү 10 жана сабиздин баасы беш сомго жогорулады.

Базар баасы менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

240
Белгилер:
баалар, азык-түлүк, Нарын облусу, Бишкек
Тема боюнча
Ош менен Баткенде базарлар жабылууда. Тизме
Кымбат сатып албагыла! 11 азык-түлүктүн баасы бекиди

Канчадан? 13-мартка карата азык-түлүктүн баасы

183
(жаңыланган 17:16 13.03.2020)
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Ош шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 10 сомго, помидор 5 сомго кымбаттады. Ал эми супермаркеттерде койдун этине болгон баа 20 сомго, картошка эки сомго жогорулады. Маалымат менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

183
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

0
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

0
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен