Канчадан? 9-февралдан 16-февралга чейинки баалар

115
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Ош шаарынын базарларындагы бааларга баам салдык.

Бул жумада Бишкек шаарынын базарларында помидордун баасы 30 сомго чейин арзандаган. Ал эми Бишкектеги супермаркеттерде уйдун эти 10 сомго кымбаттап бир килограммы 420 сомго чыкты.

Калган азык-түлүктүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес.

115
Белгилер:
Ош, баалар, базар, азык-түлүк
Тема боюнча
Канчадан? 2-февралдан 9-февралга чейинки баалар

Канчадан? 20-мартка карата азык-түлүктүн баасы

365
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 40 сомго, помидор 20 сомго, уйдун эти 10 сомго арзандады. Ал эми супермаркеттерде мурдагы жумага салыштырмалуу помидор 15 сомго, бадыраң 30 сомго арзан сатылууда. Бирок ушул эле супермаркеттерде койдун эти 20, уйдун эти 10, элита күрүчү 10 жана сабиздин баасы беш сомго жогорулады.

Базар баасы менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

365
Белгилер:
Бишкек, Нарын облусу, азык-түлүк, баалар
Тема боюнча
Ош менен Баткенде базарлар жабылууда. Тизме
Кымбат сатып албагыла! 11 азык-түлүктүн баасы бекиди

Канчадан? 13-мартка карата азык-түлүктүн баасы

185
(жаңыланган 17:16 13.03.2020)
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Ош шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 10 сомго, помидор 5 сомго кымбаттады. Ал эми супермаркеттерде койдун этине болгон баа 20 сомго, картошка эки сомго жогорулады. Маалымат менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

185
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

0
(жаңыланган 22:16 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын белгиледи. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди