Канчадан? 25-январга карата азык-түлүктүн баасы

146
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Жалал-Абад шаарларындагы бааларга баам салдык.

Бул жумада Бишкектин базарлары менен супермаркеттеринде помидор 10-15 сомго арзандаса, пияз менен сабиз бир сомго түшкөн. Ал эми бадыраң 10 сомдон 35 сомго чейин кымбаттаган.

146
Белгилер:
азык-түлүк, базар, баалар, Жалал-Абад

Канчадан? 20-мартка карата азык-түлүктүн баасы

223
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 40 сомго, помидор 20 сомго, уйдун эти 10 сомго арзандады. Ал эми супермаркеттерде мурдагы жумага салыштырмалуу помидор 15 сомго, бадыраң 30 сомго арзан сатылууда. Бирок ушул эле супермаркеттерде койдун эти 20, уйдун эти 10, элита күрүчү 10 жана сабиздин баасы беш сомго жогорулады.

Базар баасы менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

223
Белгилер:
баалар, азык-түлүк, Нарын облусу, Бишкек
Тема боюнча
Ош менен Баткенде базарлар жабылууда. Тизме
Кымбат сатып албагыла! 11 азык-түлүктүн баасы бекиди

Канчадан? 13-мартка карата азык-түлүктүн баасы

183
(жаңыланган 17:16 13.03.2020)
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Ош шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 10 сомго, помидор 5 сомго кымбаттады. Ал эми супермаркеттерде койдун этине болгон баа 20 сомго, картошка эки сомго жогорулады. Маалымат менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

183
Кочкор районунун тушунда болгон жол кырсыгы

Кочкордун тушунда эки машина кагышып, жабыркагандар ооруканага жетпей үзүлдү

0
(жаңыланган 14:22 01.10.2020)
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичине 60 жаштагы эркек киши менен 56 жаштагы аял кыпчылып калган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • В Кочкорском районе Нарынской области столкнулись грузовик и легковое авто, погибли два человека
    Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду
  • В Кочкорском районе Нарынской области столкнулись грузовик и легковое авто, погибли два человека
    Кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган.
1 / 2
Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду

Билдирмеге ылайык, кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган.

"Каргашанын кесепетинен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичине 60 жаштагы эркек киши менен 56 жаштагы аял кыпчылып калган. ӨКМдин куткаруучулары аларды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Тилекке каршы, жабыркагандар Кочкор райондук ооруканага жетпей көз жумганы кошумчаланды.

0
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Нарын облусу, Кочкор, ӨКМ
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кишилерди кууп барып бус менен тебелетип... Кызыл-Кыядагы окуянын видеосу