Канчадан: 4-октябрга карата азык-түлүктүн баасы

79
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Жалал-Абад шаарларынын базарларына баам салып көрдүк.

Бишкек менен Жалал-Абаддагы соода жайларындагы жашылча-жемиштердин, эттин баасында бир топ байкалаарлык айырма болду.

Пияз менен картошканын баасы бирдей экенин көрүүгө болот. Бишкекте супермаркетте 17, базарда 18, ал эми Жалал-Абадда 20 сом болгон. Сабиз Бишкекте супермаркетте 27, базарда 20, ал эми Жалал-Абадда 25 сомдон сатылды. Помидор Бишкекте супермаркетте 44, базарда 25, ал эми Жалал-Абадда 30 сом болду.

Ал эми эттердин ичинен уйдун эти эң кымбат болду. Бишкекте 420, ал эми Жалал-Абадда 350 сомго бааланды.

Калган азык-түлүк менен эттин баасын бир жумалык инфографикадан көрсөңүз болот.

 

79
Белгилер:
базар, баалар, азык-түлүк, Жалал-Абад