Канчадан: 25-октябрга карата азык-түлүктүн баасы

82
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Ош шаарларынын базарларына баам салып көрдүк.

Бул жумада Бишкектин супермаркеттери менен базарларында жашылчалар арзандаган. Атап айтканда пияз, картошка, сабиз 2 сомдон 5 сомго чейин ылдыйлаган.
Супермаркеттерде бир килограмм уй эти 430 сомду түзгөн.
Калган азык-түлүктүн баалары дээрлик өзгөрүлгөн эмес.

82
Белгилер:
баалар, Ош, базар, азык-түлүк

Канчадан? 20-мартка карата азык-түлүктүн баасы

219
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 40 сомго, помидор 20 сомго, уйдун эти 10 сомго арзандады. Ал эми супермаркеттерде мурдагы жумага салыштырмалуу помидор 15 сомго, бадыраң 30 сомго арзан сатылууда. Бирок ушул эле супермаркеттерде койдун эти 20, уйдун эти 10, элита күрүчү 10 жана сабиздин баасы беш сомго жогорулады.

Базар баасы менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

219
Белгилер:
баалар, азык-түлүк, Нарын облусу, Бишкек
Тема боюнча
Ош менен Баткенде базарлар жабылууда. Тизме
Кымбат сатып албагыла! 11 азык-түлүктүн баасы бекиди

Канчадан? 13-мартка карата азык-түлүктүн баасы

182
(жаңыланган 17:16 13.03.2020)
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Ош шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 10 сомго, помидор 5 сомго кымбаттады. Ал эми супермаркеттерде койдун этине болгон баа 20 сомго, картошка эки сомго жогорулады. Маалымат менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

182
Бавария оюнчусу Роберт Левандовски алтынчы голду киргизүүдө

"Барселонанын" дарбазасына кирген 8 топ! 74 жылдан берки ири жеңилүү

0
(жаңыланган 11:17 15.08.2020)
Окуя "Барселонанын" тарыхында Европа кубогу үчүн мелдештериндеги эң ири эсептеги жеңилүү болуп калды.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Испаниянын "Барселона" клубу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин чейрек финалында германиялык "Бавария" командасына 8:2 эсебинде утулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мындай көрүнүш каталониялык команданын 74 жылдан бери эң ири эсепте утулган оюну болду. Акыркы ирет "Барселонанын" дарбазасына сегиз гол кирген учур 1946-жылы катталган. Анда Испаниянын кубогу үчүн мелдеште "Севилия" 8:0 эсебинде уткан.

УЕФА футболдук беттештери COVID-19 курмандыктарына аза күтүү менен башталат

"Барселона" буга чейин 1931-жылы өлкө чемпионатында "Атлетик" клубуна 12:1 эсебинде, 1940-жылы "Севилияга" 11:1 эсебинде утулган. 8:2 эсеби менен эки ирет, 1935 жана 1943-жылдары Испания Кубогунда мадриддик "Реал" клубуна жеңилген.

Кечээ Лиссабондо Чемпиондор лигасында "Бавария" менен беттеши "Барселонанын" тарыхында Европа кубогу үчүн күч сынашуусундагы эң ири эсептеги жеңилүү болуп калды.

Эскерте кетсек, пандемияга байланыштуу аталган мелдеш августта жанданып, коронавирус илдети жок деген аймакта — Португалиянын Лиссабон шаарында борборлоштурулуп өтүүдө. Чейрек, жарым финалдык оюндар бир эле беттеш менен уюштурулуп жатат.

0
Белгилер:
тарых, эсеп, жеңилүү, Барселона, Чемпиондор лигасы, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт