Канчадан? 20-мартка карата азык-түлүктүн баасы

219
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Нарын шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 40 сомго, помидор 20 сомго, уйдун эти 10 сомго арзандады. Ал эми супермаркеттерде мурдагы жумага салыштырмалуу помидор 15 сомго, бадыраң 30 сомго арзан сатылууда. Бирок ушул эле супермаркеттерде койдун эти 20, уйдун эти 10, элита күрүчү 10 жана сабиздин баасы беш сомго жогорулады.

Базар баасы менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

219
Белгилер:
баалар, азык-түлүк, Нарын облусу, Бишкек
Тема боюнча
Ош менен Баткенде базарлар жабылууда. Тизме
Кымбат сатып албагыла! 11 азык-түлүктүн баасы бекиди

Канчадан? 13-мартка карата азык-түлүктүн баасы

182
(жаңыланган 17:16 13.03.2020)
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Ош шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында бадыраң 10 сомго, помидор 5 сомго кымбаттады. Ал эми супермаркеттерде койдун этине болгон баа 20 сомго, картошка эки сомго жогорулады. Маалымат менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

182

Канчадан? 6-мартка карата азык-түлүктүн баасы

85
Ар жума сайын базарлардагы жана супермаркеттердеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Бишкек менен Каракол шаарларындагы бааларды салыштырып көрдүк.

Бул аптада Бишкектин базарларында помидор 25 сомго, койдун эти 40 сомго кымбаттады. Ал эми бадыраң 10 сомго арзандаганы байкалды. Маалымат менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.

85
Белгилер:
базар, Каракол, Бишкек
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды