Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тез татымдагы бала "МАИчилерди" алмаштырганда

© Sputnik / Табылды КадырбековИлим академиясынын имараты. Архив
Илим академиясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн күнгө шейшемби. Өздүк тарыхыбыздын жаңы барагы ачылды. Апакай барак жакшы жаңылыктар, сүйүнчүлөр менен толтурулсун. Бекерчиге жардамчы болбой, билек түрө ишке киришиңиз.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жарык өчүп, тез татымда иштеген Медер керекке жарады. Борбор калаанын Фрунзе көчөсү жана Манас проспектисинин кесилишинде электр кубатынын жоктугунан улам светофор иштебей, жол тыгын пайда болгон. Ал ортодо элдик баатырга айланган жигитти бирөөлөр "оп, бали" десе, кай бирлери сөккөнгө жетишти. Кайгуул милиция кызматкерлери гамбургер менен түштөнгүчө, тез татымда иштеген бала аларды "алмаштырып" турду. Кызык, алар маянасынан бөлүшөөр бекен? 

Алматыдагы кара булут. Жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө Алматы калаасын кара булут каптады. Ажал издеген ок бир нече ирет атылып, беш адамдын өмүрүн алды. Sputnik Кыргызстан агенттиги 18-июлда болгон Алматыдагы кандуу окуялардын чоо-жайын, өлгөндөр менен жарадарлардын, окуянын өнүгүшүн тизмектеп чыкты

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлматы хроникасы: каза болгондор жана жаракат алгандар
Стрельба в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматы хроникасы: каза болгондор жана жаракат алгандар

Шумдугуң кургур… Жай мезгилиндеги жааган мөндүр жай баракат эс алгандардын төбө чачын тик тургузду. Күнгө какталам деп барып, мөндүрдө калган туристтерибиз үшүп калбаса эле болду. 

Боом капчыгайындагы табигый "бассейин". Катуу жааган жаандан улам Бишкек — Балыкчы унаа жолунун Боом капчыгайдагы бөлүгүндө сел жүрүп, тизеден келген көлчүк пайда болду. Канчалык бал сөздөр менен туристтерди чакырганыбыз менен, бул жагын да карап койсок болмок экен…

Атамбаев сыймыктанган "Азия MIX". Президент Алмазбек Атамбаев Голосящий КиВиН 2016 фестивалында"Алтын чоң КиВиН" утуп, 400 миң рубль алышкан "Азия MIX" командасын жеңиши менен куттуктады. Жөн гана куттуктап тим болбостон, сыймыктанаарын, жаңы жеңиштерди үмүт кылаарын жар салды. Бул кадам шайыр жана тапкыч жигиттерди шыктандырарында шек жок. 

Валюта баасы. Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.21 (сатып алуу) жана 67.24 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте майдын баасы төмөндөгүдөй: Аи-95 наркы 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жараткан жайда берсин, жайда берсе жайып берсин. 

Жаңылыктар түрмөгү
0