Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кайрымдуулук жасап үлгү болгон 7 жашар жеткинчек

Жазылуу
Апта ортолоп, бүгүн бейшембинин таңы атты. Дүйнө сиздин күлкүңүздү өзгөрткөндөй эмес, сиздин күлкүңүз дүйнөнү өзгөрткөндөй жашаңыз.

Асыл таштан, акыл жаштан. Жети жашар жеткинчек рак менен ооруган балдарга колдоо көрсөтүүчү Help the Children-SKD фондусуна 1 миң 154 сом өткөрүп берди. Фондунун башчысы Елена Коневанын айтымында баланын ата-энеси дагы аларга дайыма колдоо көрсөтүп, колунан келген жардамдарын берип турушат. 

Жараткан асманга бейишти, жерге Кыргызстанды жараткан. Ажайып Кыргызстан — суктандырган Падыша-Ата коругу. Коруктун аймагы 30 миң 560 чарчы метрди түзүп, 2003-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты арча токойлорун сактап калуу болуп саналат.

Үмүтсүз жалгыз шайтан. Мен башталгыч класста окуп жүргөндө беш деген баа алып, же үй тапшырмасын аткарып келгенде эжекебиз келечектеги президент болосуң деп мактап койчу. Оо, анда мен алтын такка отуруп алып, ажо болгонду кыялданаар элем. Андан бери канчалаган суулар акты, жылдар өттү. Балалык кыялым мектеп партасында калган менен Адахан Мадумаровдун президент болуу кыялу сууй элек көрүнөт. Саясатчы экинчи ирет ажолукка ат салышаарын жар салды.

Медициналык академияны мурдагы медайым жетектейт. Айтылып бүтпөс дастанга айланган Медициналык академиянын чырына чекит коюлду көрүнөт. Көпчүлүк кызыгып жаткан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорлук шыбагасы Индира Кудайбергеновага буюрду өңдөнөт. Жаңы ректордун ким экенин билгиңиз келсе, анда бул жакка баш багыңыз

© Sputnik / Табылды КадырбековНамысты өлүмдөн жогору койгон алгырлар — Улуттук гвардияга 24 жыл
Служба в Национальной гвардии Кыргызской Республики  - Sputnik Кыргызстан
Намысты өлүмдөн жогору койгон алгырлар — Улуттук гвардияга 24 жыл

Жигиттерди суктанткан "Азия MIX" командасындагы Ситора лицензиясынан кол жууду. Өзбекстандын артисттерге лицензия берген "Узбекнаво" эстрадалык бирикмеси Ситора Фармонова, Сарвора Азимова жана Комила Фозиловалардын лицензияларын токтотту. Ырчы жана актриса Ситора Фармонова "Азия MIX" командасынын мүчөсү болуп, КВНдерге катышып келет. Буга чейин "Жатакана" телесериалында роль жараткан. 

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.09 (сатып алуу) жана 67.13 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35 сом, ал эми дизель майы 30 сом 50 тыйындан сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жылмаюу да садага

Жаңылыктар түрмөгү
0