Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мен уккан-билген азыркынын жомогу

Жазылуу
Бүгүн күнгө шаршемби. Апта ортолоп калды буюрса.

Башыма чач чыгып, эс тарткан бери эле билем… СССРдин убагында ширеңке 1 тыйын, кой эти 1,80 сом болчу. Ал эми 1 сомуң болсо сенден өткөн бай адам жок болгон. Мунун баарын СССР убагында жашап калган байке, эже, жеңе, тайке, таажеңелерим айта беришчү. Башкаларга кандай экенин билбедим го, бирок мага бул жомоктой эле сезилчү. Кыскасы, СССРдеги алтын доор мен үчүн жомок бойдон кала берген. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭкс-президент Кыргызской Республики Роза Отунбаева
Экс-президент Кыргызской Республики Роза Отунбаева - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Кыргызской Республики Роза Отунбаева

Андан бери канча кыш өтүп, жаз алмашты. А мен болсо баягы СССРдеги бааларды угуп койгонум гана болбосо, изилдеп деле көрбөдүм. Анан минтип кесиптештерим СССРдеги айлык маянаны, азык-түлүктүн баасын ийне-жибине чейин иликтеп чыкканын көрүп, кубанып отурам. Кана, жүрүңүз эмесе, ошол кездеги айлык менен азыркы маянаны чогуу салыштырып көрөлү. 

СССР демекчи, ал кезде баарыбыз бирдей форма кийчүбүз, — деп калды Адыл байкем.

 Кара шым менен ак көйнөгүң болсо болгону. Азыркыдай болуп жынсы-мынсы кийүү деген жок.

 Шаардан келгендер дагыбы?— деп сурадым мен.

— Ооба, акимдин баласы менен малчынын баласын айырмалаш мүмкүн эмес эле, — деди байкем. 

Ичимден 10-класста шаардан келген классташым Айнашты эстедим. Күн сайын кийген юбкасы кыскарып, жынсы шымы апта сайын алмашчу. Ал эми апасы Россияда иштеген Асандын кийген туфлисине көп кыздар кызыкчу эле… 

Ошентип өкмөт СССРдегидей кылып бирдиктүү форманы жакшы эле демилгелеп чыгып, колдоо таппай келет. Быйыл да бирдиктүү форма болбойт экен. 

Теманы улай… Учу-кыйыры көрүнбөгөн СССРдин учурунда эч кандай чек ара, мигрант дегенди билишпесе керек. Азыркы биздин мигранттарыбыз кайра-кайра текшерүүлөргө кабылып, багы ачылбай келет.

Быйтыйган быйтыкча. Белгилүү Telegram мессенджерине улуттук колориттеги смайликтер кирет экен Өсүү деген ушул го…

СССР маалында минтип атка минерлер эки тизгин бир чылбырды коло ала алат беле, күмөнүм бар. 

Эх, аз да болсо кайран СССРди эскеримиш эттик. Тарыхтын максаты ушул эмеспи, өткөндү эстеп, келечекте кетирген каталарды кайталабоо. 

А бүгүн болсо өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.55 (сатып алуу) жана 68.73 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.20 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Артка бир кадам, алдыга эки кадам.

СССРдеги алтын доорду эстеп жата бербей, иштейли эми… Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0