Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көчмөн духу — ат чабыш, боз үй, намыс

Жазылуу
Бүгүн күнгө шаршемби. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталганына беш күн болду.

Биз биринчибиз, ураа! Беш күндөн бери Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын спортчулары жалпы байге эсеби боюнча биринчи орунга чыкты. Керекке бука моюн, буура сан балбандар жарап, мүмкүн болгон бардык алтын медалды алып, намыс алып келди. Манас атанын тукуму, Кошой балбандын урпактары дагы бир жолу көчмөндөрдүн духу күчтүү экенин көрсөттү. Алга Кыргызстан, жашасын көчмөндөр! 

Дүйнөлүк рекорд жана 94 машина уткан аргымак. Кыргыздын боз үйү көчүп-конуп жүргөнгө өтө ылайыкталгандыктан шамдагай жигиттердин колунда ал бир заматта тигилип, кайта көз ачып жумганча чечилет. Мына ушул боз үйдү Ысык-Ата командасы 10 мүнөт 16 секундда тигип, жаңы рекорд жараты. Ошондой эле Көчмөндөр оюндарындагы ат чабышта биринчи орунду "Ак кула" күлүгүнүн чабандеси Жеңиш Батыркулов буга чейин дагы 94 автоунаа утканын маңдайы жарыла айтып, сүйүнүп турду. Шамал менен жарышкан аргымактын буту тыбырап турсун демекчибиз. 

Ажайып Кыргызстан. Абшыр-Ата шаркыратмасы. Өлкөбүздүн ар бир аймагы өзүнчө керемет, өзүнчө ажайып кооз. Бул жолу биз Ош шаарынан анча алыс эмес Абшыр-Сай өзөнүндө жайгашкан Абшыр-Ата шаркыратмасын сунуштайбыз. Шаркыратма келген кишилерди абдан таң калдырат. 12-15 метр бийиктеги асканын боорунан суу атырылып чыгып турат. Бир көз салып, ал жакка барып келгендей болуңуз.

Айт намазы кайда болот? Быйыл Курман айт 12-сентябда болот. Бишкек шаарындагы айт намазы Эски аянтта боло турганын муфтият билдирди. Чалган курмандыктар кабыл болсун. 

Жасаган эрдик өмүр куткарды. Россиянын Камчатка аймагындагы үч кыргызстандык 14 жаштагы окуучуну өрттөн сактап калды. Өз өмүрүн тобокелдикке салган жарандар иске ууланган. Экөө үйүнө чыгарылса, бир жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Башка бирөөнүн кайгысына кайдыгер карабай, кол узатып жардам берүүгө не жетсин.

Бишкекте жардыруу жасаган террорчу аныкталды. Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасын барып сүзүп, өзүн жардырып жиберген жанкечтинин ким экенин КР УКМКсы аныктады. Көрсө ал 1983-жылы туулган Тажикстандын жараны Зоир Халилов экен. Бул жардырууну Сириянын аймагындагы уйгур террордук топтору уюштуруптур. Бул ишке тийиштиги бар делген бир катар кишилерге издөө салынды. Кандай болгон күндө дагы тынччылык болуп, өлкөдө туруктуулук өкүм сүрсүнчү. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКөчмөндөр оюндарындагы кымча бел кыйын кыздар
Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарындагы кымча бел кыйын кыздар

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.10 (сатып алуу) жана 69.23 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Намыска жараган эр-азаматтар көп болуп, Кыргызстандын желегин желбиретсин. Алга, Кыргызстан деген сүрөөн салган Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0