Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Саясий талаадагы күзгү терим жана ЖКнын тарашы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы, архивдик сүрөт
Бишкек шаарынын мэриясы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аптанын эң оор күнү делген дүйшөмбүдөн аман чыгышыбыз менен! Буюрса жуманын калган иш күндөрү өз нугу менен кетсин.

Күз келип, кампа данга, дасторкон нанга толгон учур. Эгин талааларда иш кызуу жүрүп, дыйкандарыбыз маңдай терин төгүп убара. Айрымдар алма терсе, кай бирлер кайналы (кара өрүк) кургатып, кыскасы кышка даярдык кызуу жүрүүдө. Тилекке каршыбы же бактыга жарашабы, айтор саясий талаада дагы орок оргондор, күн-түн дебей кызмат кылгандар арбын. Бул күз берекелүү болуп, чечим кабыл алынса, жаңы бурулуштар күтүлүүдө. 

Ал ортодо Баш мыйзамдын өзгөрүшү менен Жогрку Кеңештин депутаттары тарап кетет дегендер четтен чыгууда. Мындан сырткары күздөгү күтүлүп жаткан эң мөмөлүү теримдердин бири — бул, албетте, референдум өткөрүү

Бул теримге чейин биз асман алдында бийлейбиз, маселе чечилбесе мөөнөтсүз митингге чыгабыз.

Бул да аздык кылса, ар кыл кептерди гезиттерге жазабыз: Атамбаев менен Текебаевди элдештирчү Акун, депутат болчу Рысалиев

Анан албетте, президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевдин айланасындагы кепке кулак салабыз. Мисалга, Азимбек Бекназаров аларды эртең эле элдешип алат деди.

Эң башкысы аба ырайы жакшы болуп эле турса, түшүм мол болору бышык. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.95 (сатып алуу) жана 68.10 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38.50 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жазда магдырасаң, күздө жалдырайсың, кышта дабдырайсың. 

Түшүмдүн мол болуусун тилеп, Исмаил Мамытов. 

Жаңылыктар түрмөгү
0