Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргызстан чемпио-оо-он!

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол күйөрмандары. Архивдик сүрөт
Футбол күйөрмандары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күн баарыбызга ийгилик алып келсинчи.

Кыргызстаааан, чемпиоооон! Гол киргенде стадиондо отурган күйөрмандардын сүрөөнүн уксаңар, эми койчу, тим эле уулдуу болгондой эле сүйүндүк. Кечээ Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Түркмөнстандын курама командалары беттешип, оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди

Бийликтеги орун алмашуу. Кары-картаң, жетим-жесирлерди, деги коомдун аялуу катмарын үч жылдан бери тейлеп, социалдык өнүгүү министри болуп келген Кудайберген Базарбаев иштен алынды. Айтмакчы, ал "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен шайланган. Ал ортодо Жогорку Кеңешке Ирина Карамушкина КСДП фракциясынын атынан депутат болуп келди

Стамбулдагы Манас. Түркиянын Стамбул шаарындагы Бейоглу аймагына Манас баатырдын айкели тургузулат. Эми Түркияга баргандар бул эстеликтин алдына сөзсүз түрдө сүрөткө чырк этип түшүп турушат болуш керек. 

Алтын тууралуу. Кыргызстан алтындын кору көп деген 100 өлкөнүн ичинен 83-орунга татыктуу экен. Биринчи орунда АКШ турат имиш. 

Назарбаев сыркоолоп… Коңшу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сыртта көп жүрүп койгон өңдөнөт. Суук тийип калыптыр. Эртерээк сакайып кетсин, карыганда организм дагы алсызданып каларын өзү байкабай калган көрүнөт да.

Ыссык тамак. Мектептерде берилип жаткан ысык тамактын ордуна окуу куралдарын албайлыбы деп айта коём деп Дастан Бекешев интернет колдонуучулардын таландысында калган. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка окуучуларга кандай тамак бериле турганын бул жактан караңыз.

Жабылып, сатыл…бай. Кыргызстандагы "Газпром нефть Азия" компаниясы 50 май куюучу станциясын жаап салды. Ал ортода аукционго коюлган "Ак кеме" мейманканасы сатылбай калды. Эмнеге? Толук себебин бул жактан окуңуз.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.42 (сатып алуу) жана 68.57 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 33 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Биздин көчөгө да күн тиер дегендей, ар бириңиздердин көчөңүздөр жарык, маанайыңар куунак болсун. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0