Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мелис байкенин маеги, Памирдеги кыргыздар

Жазылуу
Барга топук кылып, жокко каниет кылып жашайлы.

Улуу тоону жердеген памирлик кыргыздар. Афганистандын Памир аймагын жердеген кыргыздардын саны эки миңден ашат. Алардын жашоо турмушунан атайын экспедиция барып кабар алды. Улуу тоону жердеген мекендештер менен бул жактан таанышыңыз.  

Мурадиллаевдин абалы жакшы. Белгилүү актер Азиз Мурадиллаевге Москва шаарынан алгачкы операция ийгиликтүү жасалды. Ден соолуктун баркын билеличи. Жакшы болуп айыгып, арабызга эртерээк кошулсун.

Маркумга жер ыраа көрүлбөй… Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда башка динди тутунган кемпир каза болуп, анын сөөгү мүрзөгө үч жолу көмүлдү. Окуянын чоо-жайын бул жактан окуңуз

Кылычын алып кыш келди. Кечээ эле ачык турган күн бир заматта бузулуп, Бишкек шаарына жана өлкөнүн бир катар аймактарына кар жаап салды. Баарыбыз шаша-буша меш тазалап, темир тулпардын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга жандалбастап чуркап калдык окшойт. Бир четинен кардын жаашы тоо лыжа базалары үчүн сонун болду. Лыжаны эртелеп тебет экенбиз.

Жер титирейт дейт го. Келерки жылы Кыргызстанда бир гана саясий айдың жанданбастан, жер алдында да "кармаштар" болот экен. Сейсмологдор 2017-2018-жылдар жердин силкинүүсү күчөй турганын айтышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев
Экс-министр внутренних дел, вице-президент Федерации спортивной борьбы КР Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев

Мелис байке. Мелис Турганбаев Ички иштер министри болуп иштеп турганда коомдун талкуусуна алынган көп эле нерселер болду. Мисалы, чоёктогон Чодронова, түрмөдөн качкандар, иши кылып койчу, өзүнчө эле кино тартса болчудай окуялар арбын. Мына ошол окуялар тууралуу Мелис байке өзү айтып берди.

Ии, баса, аллергия. Күз келип, апей кыш келип калбадыбы. Эми ушул учурда аллергия деген нерсе айрым кишилерге асылары белгилүү. Ошондон кантип арылуу керектигин бул жактан окуңуз

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.27 (сатып алуу) жана 68.40 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 33 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Өткөндө Интернеттеги тааныштарым минтип жазыптыр "Кыргыз үй баштады кыш келди, көмүр алды жаз келди" деп. Мындай лакап кепке айланбаган аракеттер менен таанылалы. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0