Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Атамбаевди коркуткан эргул, купюрадагы Назарбаев

© Sputnik / Табылды КадырбековЛюди на аллее Молодежи в городе Бишкек. Архивное фото
Люди на аллее Молодежи в городе Бишкек. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрүнгөн тоонун ыраагы жок демекчи шаршемби күнү баштаган ишиңерди жалаң ийгиликтер коштосун.

Үмүт чоң эле да. Кыргызстандык футболчулар Бахрейндин командасы менен беттешип, тең чыгышты. Айыгышкан оюнга карабай эки команда тең эсепти ача алган жок. Букмекердик компаниялардын Кыргызстан Бахрейнди ута албайт деп айткан божомолдору туура чыкты

Бир ай мурда эле көчүп кеткен. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жубайына таандык батирге уурулар киргенин эл өкүлү айтып чыккан. Шаардык милиция да батирге ууру киргени боюнча билдирүү түшкөнүн тастыктап, депутат ууру кирген үйүнөн бир ай мурда көчүп кеткенин айтты. Эмнеси болсо да ууру-кескиден оолак жүрөлүчү.

Атамбаевди өлтүрөм деп оолугуп… Президент Алмазбек Атамбаевди өлтүрөм деп Twitter баракчасынан чакырык таштаган кишини УКМК издеп жатат. Бул бай болгур, дароо эле ажого асылганына караганда акылы кемирээк неме окшойт да.

Шыбы жок маданият үйү. Эсил кайран СССР тараганы биздеги көптөгөн маданият жайлары каралбай калган. Мындай көйгөй Кыргызстандын ар бир аймагында бар. Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйү буга мисал

Елбасынын сүрөтү теңгеге басылды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү жаңы 10 миң теңге купюрага басылды. Бул кадам 1-декабрь президенттин күнүнө жана Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жасалууда.

Партиялар парады. Шайлоонун алдында Кыргызстандын саясий айдыңы кадимкидей жандана түштү. Өзгөчө үгүт иштери башталгандан бери ар ким өз партиясын мактай баштады. Бишкек шаардык кеңешке ат салышчу 14 партиянын парадын бул жактан окуңуз. Аркы өйүз, берки өйүз суудан кантип өтөбүз.

Кыргыз чүрөгү Камбоджаны багындырат. 42 мамлекеттин сулуусу катышкан иш-чарада кыздар улуттук кийим жана кече көйнөктөрүн кийип, өз өнөрүн жана жөндөмүн көрсөтүшөт. Кыргызстандын атынан Айсулуу Абдыбакасова катышып жатат. Сулууга ийгилик каалайбыз.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.13 (сатып алуу) жана 69.28 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35,50 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Көсөө узун болсо, кол күйбөйт дегендей колубуздагы мүмкүнчүлүктөр дайым көп болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0