Манастын Ала-Тоо аянтындагы айкели. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атамбаевдин күйөө баласы, жети күндүк "Манас"

332
(жаңыланган 11:16 28.11.2016)
Арыбаңыз, замандаш. Жакшы жатып, жай турдуңузбу? Бүгүн күнгө дүйшөмбү.

28-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болорун Кыргызгидромет кызматы билдирди. Бүгүн табият бизди бир аз эркелеткидей болуп турат. Эртең менентен тарта күндүн ырайы жакшы. 

Сактансаң, сактайм. Аба ырайы демекчи, суук түшкөндө шаарды аралай аккан "Ала-Арча" суусу тоңуп, нугунан ашып кетмей адаты бар. Андыктан, кооптуу аймактар, дарыя өткөн жерлер тыкыр көзөмөлгө алынганын мэриядан кабарлашты.

Жакшы кабар, оорулуу балдарга көмүр жеткирилди. Талас районунун Көк-Ой айылындагы "Бекнур" реабилитациялык борборуна боорукер кишилер 1,6 тонна көмүр бергенин билдиришти. Буга чейин алар кышкы отундун бир топ бөлүгүн жагып койгондугун айтып, балдар суукта калчылдабаса экен деп коңгуроо каккан. Аталган борбордо тубаса шал оорусу менен ооруган 20 бала тарбияланат.

Динара, ийгилик каалайбыз. Москвада өтүп жаткан Miss Asia Russia сынагында 17 кыз ат салышып, Кыргызстандын атынан Динара Сулайманова катышууда. Биздин сулууга ийгилик каалап туралы. 

Башканы коюп, Манасты ук! Бишкекте жети күн-түнү тынбай Манас айтылган ирмемдерди көргүңүз келеби. Анда биздин түз алып берген каналыбызга көз салып турсаңыз болот

Атамбаевдин күйөө баласы президент. Оюңуз дароо саясатка кетпесин, сабыр этиңиз. кеп спорт тармагы боюнча болуп жатат. Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов кайрадан шайланды. Жаңы президентти шайлоо жекшемби күнү өткөн. Анда Султанов жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.13 (сатып алуу) жана 69.25 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Уста менен дос болсоң, ар кескенин аласың, ууру менен дос болсоң, бир балаага каласың

Күнүңүздөр куунак өтсүн. Аптаңыз жемиштүү болушун каалаган, Нургүл Максутова.

332
Белгилер:
Бурадар, валюта, Мунай, Семетей Султанов
Атчан киши. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жыгылсаң тизеле, сөз уксаң чыйрал!

84
(жаңыланган 16:15 28.12.2018)
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш?

Жылдын жаңырарына саналуу күндөр калды. Көптөр быйылкы жылга саресеп салып, өткөндү таразалап, келечекти боолголоп, жыйынтык менен Кара кийик жылына, 2019-жылга аттаганы турат. Пендебиз, адамбыз, инсанбыз. Узап бара жаткан жыл жашообузда, чөйрөбүздө, ишибизде, жеке жашообузда бир топ окуяларды тартуулады. Бул сапаркы "Бурадар" окуган адамды бир аз болсо да өзүнүн жашоосуна бир жылдык саресеп кылганга жетелесе керек.

…Ар кыл окуялар болду. Бирибиз алыска сапар алдык, дагы бирибиз өлкөдөн качып-бозуп же жөн эле чыгып кеттик, бир даарыбыздын бүлөбүздө наристе пайда болду, бир катарларыбыз түгөй таптык, дагы бирибиз жакыныбыздан ажырадык, канчабыз маңдай жарыла кубандык, көптөрүбүздүн көңүлүбүз калды, бир тобубузду оору коштоду, кээ бирөөбүздө жашоого үмүт жанды. Ошентип биздин күндөр жүз кырдуу мүнөзүн көрсөтүп, жүз сыноого салды. Бул — улуу кыймыл. Ал ошонусу менен кызык тура. Жылды узата карап туруп, ушул ойлорго жетелендим.

Жыгылган сайын тизелеп тура калып; мостойткон сөз уккан кезде чыйрала жалт карап; сенден оолактаганда кара башыңа ишенип; ишиңдин кедери кеткен арабаңды бек тартып, айтор жашоону улаганга милдеттүүбүз. Себеби бул — тирүүлүк. Бул бизге берилген ырыскы, шыбага, мүмкүнчүлүк. Ошондуктан келе жаткан жылды да ойлогондой, пландагандай, максат кылганыбыздай жашап өтөлү. 2019-жылы жакындарыбызга, айланабызга, тааныган-тааныбагандарга мээрим тартуулайлы, жетимдин бешенесин сылайлы, жесирден кабар алалы, оорунун абалын билели, жакшылык жасайлы. Башкасы болбосо да, бул менин, сенин колубуздан келет, бурадар. Анан өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жетели, баштаган ишибиздин өтөсүнө чыгалы. Аманчылыкта жашайлы, сүйүктүү ишибиз менен алек бололу.

Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайм, замандаш! Жакшылыктарыбыз арбысын деген тилек менен бүгүнкү "Бурадарга" жетелейин. Бул "Бурадардын" 2018-жылдагы акыркы тизмеги.

Аба ырайы. 28-декабрда Ош калаасында +6…+8, ал эми Бишкекте +6…+8 градус жылуу болот

30-декабрдан 7-январга чейин. Жаңы жылда Бишкектеги коомдук тартипке милициянын 2300 кызматкери көз салат тура

Кыштын кыраан чилдесинде. Солтон-Сары кенин кытайлыктардын иштетүүсүнө каршы экендигин билдирип Нарын эли жыйын курду

Аша чаап кеткен жокпу? Жогорку Кеңештин депутаты чет элдик туристтер үчүн Ысык-Көл визасын киргизүүнү сунуштады

Журналист, депутат, эми төраганын орун басары. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жашыруун добуш берүү менен вице-спикерликке шайланды

Көрбөгөн арманда! 2018-жылдын эң мыкты видеолору. Эми… көз чачырайт!!! 

Дүкөнгө же жумушка чыгып эле кайра үйгө кайтпай калуу кандай коркунучтуу. Sputnik жыл жыйынтыгын чыгарууда. Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк… Үрөй учурган жол кырсыктары

Жылды соттошуу менен тосуп алабы? Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшебаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковду сотко берди. Бул саясатчылар жылды соттошуу менен тосуп алабы?

Ажалы жок экен, бирок компенсация да жок дешти. Кайыган ок жолдо кетип бараткан 57 жаштагы кишиге тийип, бирок аман кылган. Акчаңа ыраазымын, аман калдым деген окшойт. Ош шаардык ЖКККБ жетекчисинин айтымында, жабыркаган киши инспекторго эч кандай доосу жок экенин билдирген маалымат түшкөн.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Колуңдан келишинче бактылуу бол! Бакыт – сенин жакындарыңдын амандыгы, маңдайыңда жаркылдап турган жарың, чүрпөлөрүң, сүйүктүү ишиң жана чың ден соолугуң.

Бардыгыңыздарга жакшылык каалап, Нургүл Максутова.

84
Белгилер:
Бурадар, бакыт, тилек, кайрымдуулук, Жаңы жыл
Тез жардам автоунаасы. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тез жардамды акыйып күткөн 47 миң учур

85
(жаңыланган 11:00 28.12.2018)
Жакшы жатып жай турдуңузбу, замандаш? Келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз! Жылга жакшы маанай, жакшы тилек менен аттайлы деп турабыз.

Бүгүнкү "Бурадарда" кечээги күнү болгон окуялардын тандалган тизмегин сунуштайбыз.

Азыр көптөрдө Жаңы жыл алдындагы майрамдык маанай. Тизмегибизди жакшы, жарык кабардан баштайлы деп чечтик.

Кечээ көптөгөн бөбөктөрдүн көзүнөн кубанычтын, толкундоонун учкунун көрүүгө болот эле. Таңгалган, суктанган, жылмайган сүрөттөр.

Ал эми президенттин кичинекейлерди куттуктап, бетинен өөп, бешенесинен сылаган видеосун бул жерден көрө аласыз.

Жаңы жыл келе жатат, жыл жыйынтыгын четинен чыгарып баштадык. Sputnik быйыл иши алдыга жылып, ити чөп жеген спортчуларды санап чыкты.

Анткен менен бир катар адамдар үчүн жыл чырлуу аяктап бара жаткандай. Депутат мандатынан ажыраганы үчүн аймактык шайлоо комиссиясын сотко бермей болду.

Сот демекчи, эмне болсо да эркиндиктен ашкан нерсе жоктур. Абактагы кишиге КР президенти кантип ырайым берери тууралуу материал сайтка жарыяланды.

Адамзат соттошуп, талашып-тартышып чындыктын түбүнө жетет чыгар. Бирок апам айтмакчы, "чыккан жан менен калган кадыр кайтып келбейт", тагыраагы, бийликтин, байлыктын түбүнө жеткен киши жок. Кезегинде котормочу, протокол бөлүмүнүн жетекчиси, Акаевдин экс-маалымат катчысы болгон Ильяс Бекболотов кечээ дүйнө салыптыр. Жаткан жери жайлуу болсун.

Бирок ажалды адам киши колунан тапкан учурларды кантебиз? Өзүнүн акыркы мүнөттөрүнө шашкан жигитпи же артынан кууган милициябы? Себепкер ким? Бишкектик автоинспекторлор артынан сая түшүп, айдоочу каза таптыбы? Кырсыктын видеосу бул жерде. Азырынча суроодон башка жообу жок жагдай.

47 миң учур… Жан көзгө көрүнгөндө, жакындарың ооруп, же балаң кыйналып, түйүлүп, ыйлап турганда дарыгер көздөн учат. Тез жардам гана абалга аралжы болчудай сезилет. Быйылкы жылдын эсебинен дарыгерлерди акыйып канча киши күткөнү тууралуу маалымат чыкты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Калган кадыр менен чыккан жан табылбайт.

Жакшылык, аманчылык тилеп Мирбек Сакенов.

85
Белгилер:
Бурадар, балаты, бала, Сооронбай Жээнбеков
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

353
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

353
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда