Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тилинен бал тамган партиялар, оозу ачылган төрайым

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Кыргызского Государственного Технического университета в Бишкеке
Деятельность Кыргызского Государственного Технического университета в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн күнгө шейшемби. Анча үшүгүдөй эмеспиз. Азыр Бишкекте күндүн көзү кылайып, маанайды да көтөрүп жатат.

БШК башчысы оозу ачылганын айтты. Той болот, тойдун эртеси да болот демекчи Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы агынан жарылып, шайлоодо таң калып оозу ачылганын айтты. Анын себеби көрсө мындай экен.

Айтылган сөз — атылган ок. Шайлоонун шарапаты менен көпчүлүк партиялар шаңыраңдап элге бир топ убадаларды берди эле. Эми айткандарын аткаруу учуру да келе жатат. Кайсы партия канчалык деңгээлде сөзүнө турарын көрөлүчү.

Шаардык кеңешке келгендер. Бишкек шаардык кеңешке акыр аягы кайсы партиялар келгени алдын ала айтылды. Портфелдүү болгон партиялардын тизмесин бул жактан караңыздар.

Дүйнөнү дүрбөткөн окуялар. Өткөн жумада эмне болуп, кайсы атактуу каякта болгону баарыбыз үчүн кызыктуу да. Ар кайсы имиш кептерге ишенбей бул жакты караңыз

© REUTERS / Neil HallInternational Model сыйлыгынын лауреаты Джиджи Хадид
Премия International Model в Лондоне - Sputnik Кыргызстан
International Model сыйлыгынын лауреаты Джиджи Хадид

Артык болот деп тыртык кылдык окшойт. Туризм өлкөнүн экономикасын көтөрөт деп какылдап, бирок туристтердин өлкөгө келүүсүнө тоскоолдук жараткан каттоо талабы туристтерди чочутуп, айрымдарын үркүтүп жатат. Кышкы туризм үзгүлтүккө учуроо алдында турганы да айтыла баштады.

Сөзүнө турат окшойт. Ал арада ЖоКедеги депутат Чолпон Жакупова эгерде референдум өтө турган болсо мандатын тапшырып баса берерин айтты эле. Эми ал сөзүнө туруп жаңы жылдан кийин мандатын тапшырарын жар салды. Сөзүнө турган "эркек" депутат экен, эй. 

Бишкекте "убакыт токтоп калды". Бишкектеги соода борборлорунун биринде #MannequinChallenge ("Убакытты токтот") флешмобу өттү. Ага канча киши катышканын жана эмне болгон иш-чара экенин бул жактан көрүңүз

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.09 (сатып алуу) жана 69.21 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Сөзүнө турган депутаттар келсин деген тилек менен Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0