Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Ашыккан Түркия Бишкекке эмне дээр экен?

© Sputnik / Табылды КадырбековПроспект Эркиндик в городе Бишкек
Проспект Эркиндик в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип жаңы, 2017-жылдын босогосун аттадык. Жыл алмашып, бирөөлөр бир жашка улгайса, бирөөлөр бир жашка чоңойду. Бирөөлөр жаңы максаттарды койсо, дагы бирөөлөр өткөнгө каниет кылып турган чагы. А биз сиздер менен кайрадан "Бурадардан" көрүшүп турабыз. Жыл жакшылыктын, аманчылыктын, бейпилдиктин жылы болсун!

Күн ачык болот. Бүгүн республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, Бишкекте күндүз 2..4 градус жылуу болот. Ал эми эң эле суук аймакты Кыргызгидромет Нарын облусу деп таап, күндүз аяз чыкылдап, —9…-14 градуска жетип жаткандыгын билдирди

Көз ирмемде "жылдыздай" жанып. Жаңы жылдын маанайы кетпей тургандыктан, төмөнкү макаланы окусаңыз болот. Sputnik көз ирмемде, бир сутканын ичинде атактуулукка жеткен адамдарды тизмектеп көрдү.

"Өкүл ата, өз ата…" Кыргыздын салтында жаштар баш кошуп, жаңы бүлө түзүлгөндө аларга өкүл ата менен өкүл энени шайлоо жөрөлгөсү бар эмеспи. Бул туурасында биздин журналисттин макаласын сунуштайбыз

Марсель аттуу кыргыз жигит бар, жакшы, зирек дизайнер. КТРКнын учурдагы логотибинин автору. Анын идеяларын кээде үлкөн деген фирмалар да "алып коюшат" экен. Марсель кесиби, өзү жана кызыкчылыктары тууралуу кенен маек куруп берди

Почточу көгүчкөндөр. Көл кылаасындагы 7-класстагы окуучусу Азис Ажыбеков үч жылдан бери көгүчкөн багып, эми аларды кат ташууга үйрөтө баштаптыр.

Өлүм менен өмүр каш кабактын ортосунда. Түркиядагы кандуу окуяда ок жеген киши өлүмүш болуп, былк этпей жата берип, ажалдан аман калыптыр. Бул туурасында ал өзү айтып берген.

Шок жана жеңилденүү. Кыргызстандыктарды алгач, шок кылып, бирок, өх-хх.. дедирген Яхье Машрапов. Түркиянын Стамбулундагы терактыны жасады деп айтылып, паспорту түрк жана дүйнөлүк басылмаларга жарыяланып кеткен кыргызстандык Яхье Машрапов ага карата айтылган айыптоолорду четке какты. Анткен менен чын-төгүнүн билбей туруп, жаңылыш маалымат берген Түркиянын күч түзүмдөрүнун мунусу кандай? Эми бул үчүн кечирим сурай алышар бекен?

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.06 (сатып алуу) жана 69.38 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Кырк жылы кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт

Жаңы жылдагы алгачкы иш күнүңүз ийгилик менен башталып, жыл бою сизди коштоп жүрүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0