Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чек арадагы жаңжал, уурдалган кайрымдуулук акчасы

Жазылуу
Баштаган ар бир ишибизди ийгилик коштосун.

Ден соолук кадыры… Актер Азиз Мурадиллаевдин абалы жакшыра баштагандыктан, операция жасалбай турган болду. Таланттуу инсандын ден соолугу бекем болушун каалайбыз.

Айыгып кайтышын каалайбыз. Ал ортодо "Кыргызстан сулуусу — 2013" конкурсунун жеңүүчүсү Жибек Нукеева Италияга дарылануу үчүн кетти. Ден соолук кадырын ооруган жан билет демекчи, оору сыркоодон алыс болуп, куландан соо эле жүрөлү.

Кайрымдуулуктун акчасы уурдалды. Эл аралык "Манас" аба майданына жакын жердеги Дача айылына кулаган учак кырсыгынан жабыркагандарга чогултулган 30 миң сом каражат жана ноутбук уурдалды. Кайрымдуулук үчүн чогултулган акчаны көтөрүп кетүүгө кимдин кантип дити барды? Ал эми ӨКМдин атайын эсебине келип түшкөн каражаттын саны 20 миллион сомдон ашты

Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык. Кыргызстандын чек арасы Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен чектешет. Алардын ичинен Кытай жана Казакстан менен болгон чек аралар аныкталган. Болгону кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларында чыр-чатак чыгып турат. Мына ошондой жаңжалдын бири жакынкы күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болду. Кошуна жайгашкан элдин пикир келишпестигин бул жактан окуңуз

Агасын бычактады. Ноокен районунун тургуну мас абалында байкесин бычактап салганын милиция билдирди. Бирок, шектүү катары кармалган жаран кырсык кокустуктан улам болуп кеткенин айтууда.

© AP Photo / Patrick SemanskyЦеремония инаугурации 45-го президента Соединенных Штатов Америки Дональда Трампа в Вашингтоне
Церемония инаугурации 45-го президента Соединенных Штатов Америки Дональда Трампа в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Церемония инаугурации 45-го президента Соединенных Штатов Америки Дональда Трампа в Вашингтоне

Дүйнөдө эмне болду? Өткөн жумада дүйнөдө көңүлдү бурган олуттуу окуялар менен сүрөт түрмөктөн таанышкыла. Суукта сууга чумкугандардан тартып, Трамптын ант бергенине чейин бул жактан караңыз.

Балам бактым. Үч эмдин апасы Бактыгүл Камчыбек кызы учурда балдарын өзү жалгыз багып жатат. Эртеден кечке жумушта болуп, кечинде үйүнө келген Камчыбек кызынын балдары 1,5 жашка чыгып калышты. Жалгыз бой келинге жардам берем деген кайрымдуу кишилер болсо редакцияга кайрылыңыздар.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.39 (сатып алуу) жана 69.62 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.40 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Иш күнүбүздү ийгилик коштоп, маанайыбыз куунак болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0