Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. КРге кызыккан ЦРУ жана келинге салынган тыюу

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарына асмандан көрүнүш.
Бишкек шаарына асмандан көрүнүш. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агарып аткан таң менен кошо сиздин дагы маанайыңыз ачык болсун.

Келиндердин кулагына күмүш сырга. Үйгө жаңы келин келгенде анын өзүнүн орду, кызматы бар. Кыргыздар байыртадан бери эле ал салтты сактап, жаңы бүлө болуп келген келинге акыл-насаатын айтып келген. Эгер сиз келин болсоңуз, же болууну каалап жүрсөңүз бул жазылбаган эрежелерди билип алганыңыз оң. 

Кыргызстандагы торпеда… АКШнын борбордук чалгындоо кызматы (ЦРУ) 1940-жылдан тарта эле Кыргызстан тууралуу маалыматтарды топтоп, аны океандын ары жагына жиберип турчу экен да. Чалгындоо кызматы Кыргызстандагы темир жол, торпеда сыноочу полигон сыяктуу кызыктардын баарын билип алган өңдүү.

Шпаргалканы унуткула, студенттер! Эми студенттер үчүн "жыргалбай" жашоо аяктады. Айтайын дегеним экзамендер эми видеокамеранын алдында гана өткөрүлө турган болду. Сапаттуу билим алуу жана берүү келечекте мыкты адистердин чыгышын шарттай турганын бары эле билсе керек.

Семиздерге милицияда орун жок. Ашыкча салмактагы кишилер Тажикстандын милициясында иштей албай турган болууда. Өлкөнүн ички иштер министри курсагы салаңдаган кызматкерлердин иш жөндөмдүүлүгү да азая турганын айтты. Азыр милицияда иштегендер тердеп-кургап курсакты кетирүүнүн айласын издеп жатыптыр. Бизге да келсе "байкелердин" баары кызматтан кетет беле…

Айдоочулардын эсине! Бишкек шаарындагы Кулатов көчөсүнүн жарымы бир тараптуу болот. Мындай чектөө 20-февралдан тартып ишке кирет.

Жалган дүйнө. Журналист, акын, драматург Эгемберди Эрматов 66 жашында дүйнө салды. Анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Азимжан Аскаров абакта калтырылды. Улуттар аралык кастыкты козутуу жана адам өлтүрүүгө тийиштиги бар деп айыпталып жаткан Азимжан Аскаровдун күнөөсү аныкталганын Чүй облустук соту билдирип, аны өмүр бою абакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди уккан айыпталуучу "ачкачылык жарыялайм" деп кыйкырды.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.26 (сатып алуу) жана 69.52 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.40 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Иш күнүбүздү ийгилик коштоп, маанайыбыз куунак болсун деп Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0