Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргыздардын 150 жыл мурдагы элеси

Жазылуу
Оору сыркоодон алыс болуп, ден соолукка кам көрөлү.

Таланттууга чек жок. Кыргызстандык "Тумар" бий тобу America's got talent сынагына катышуу үчүн АКШга учуп кетти. Учурду ал жакта даярдыктарды көрүп жатат. Бул бий тобунда майып балдар бийлегендиктен башкалардан айырмаланып турат. Бийчи балдар-кыздарга ийгилик каалайбыз, Кыргызстандын желегин желбиретип бир даңктап келгиле.

Кыргызстан тууралуу видео алдыда. Кыргызстандын ажайып жаратылышынын кооздугу тартылган чакан видео National Geographic журналынын британиялык версиясынын Travel Photography сынагында финалга чыкты. Бул тасманы кыргызстандык режиссер Тимур Тугалев менен италиялык блогер Сара Иззи тарткан. Алар Соң-Көл сыяктуу Кыргызстандын укмуштуудай жерлерин чагылдырган. 

150 жыл мурда жашаган кыргыздар. Америкалык изилдөөчү Жордж Кеннан 1864-1885-жылдар аралыгында Россия империясына жасаган саякаты учурунда жергиликтүү элди сүрөткө тартып алган. Ошол сүрөттөр арадан 150 жыл өткөндөн кийин жарыяланды. Комузун колуна кармап, мандаш токунуп отурган кыргыздын сүрөтү сиз үчүн кызык болсо керек. 

БУУда сөз сүйлөгөн окуучу Айтурган. Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясында кыргызстандык окуучу кыз Айтурган Жолдошбекова сөз сүйлөдү. Ал БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мундун жанында отурганын да айтып берди. Бул иш-чарага кыргызстандык окуучу кыз кантип катышып калганын бул жактан окуңуз

Алтын чүкө, күмүш чүкө. Көз жоосун алган мындай чүкөнү кимдир бирөөгө туулган күнүндө белек кылсаңыз эң мыкты белек болчудай. Укмуштуудай азем буюмду Кыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиев жасап жатат

Балдар психологу кеңеш айтат. Негизи эле бизде психологдор өтө тартыш экени учак кырсыгынан кийин даана байкалды окшойт. Анткени шок абалындагы балдарга биринчи кезекте психологиялык жардам берүү керек болгонун Саламаттык сактоо минирстрлиги билдирген эле. Ошол кесиптин ээлери өздөрү жана кызматы тууралуу айтып беришти

Мечиттерди кайтарган милициялар. Жума намаз күндөрү милиция кызматкерлери мечиттерди көзөмөлгө алып, келгендердин коопсуздугун карай турган болду. Бул аракеттин күнгөй тескейин бул жактан окуңуз.

Бакма бала баш жарды. Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну аны багып алган атасы менен апасын ур-токмокко алып өлтүрдү деп шектелүүдө. Окуя кандай болгонун шектүү өзү айтып берди. Эх, мындай азапты эч кимдин башына салбасын.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.10 (сатып алуу) жана 69.41 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.40 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бул жуманын аяктарына үч күн калды. Белди бекем бууп ишке киришели деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0