Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чилдеде кымбаттаган көмүр

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдардын архивдик сүрөтү
Көчөдө бараткан адамдардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип бул жума аяктап жатат. Апта башында баштаган ишиңиздер жемиштүү болсун.

Атамбаев… Дача айылына кулаган учактан каза болгондордун жакындары менен жабыркагандарды өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кабыл алып, көңүл айтты. Кишилердин көзүндөгү муң, балдардын колун жаздана жатканы окуянын канчалык оор болгонун дагы бир ирет тастыктады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Алмазбека Атамбаева с родственниками погибших в результате авиакрушения грузового самолета Boeing-747
Встреча президента Алмазбека Атамбаева с родственниками погибших в результате авиакрушения грузового самолета Boeing-747 - Sputnik Кыргызстан
Встреча президента Алмазбека Атамбаева с родственниками погибших в результате авиакрушения грузового самолета Boeing-747

Чилдеде куурашты. Нарындын кышы быйыл өзгөчө. Түкүрсөң жерге тоңуп түшөт дегендей эле суук болуп жатат. Мына ушундай ызгаарда Ак-Талаанын тургундары көмүр жетишпей, баасы асманды чапчып жатканын айтууда. Аймактагы чыныгы абал кандай экенине журналист Нургүл Максутова кызыгып көрдү. 

Бекер wi-fi. Оштогу автобустарга бекер wi-fi орнотулду. Андан сырткары, видеокамералар коюлуп, айдоочулар улуттук колориттеги ак калпак жана кемселдерди кийип иштешет.

Кыргызстан баскан жол менен. Казакстан реформа жүргүзүүдө Кыргызстандын жолу менен баратканын адистер айтышууда. Казакстанда орчундуу өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлүп жатат. Президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын өкмөт менен парламентке бөлүп берүүнү көздөөдө. 

Айтурган, азамат кыз. Бириккен Улуттар Уюмунун жыйналышында сөз сүйлөгөн Айтурган Жолдошбекова бизге келип, ал жакка кантип барып калганын айтып берди. Ошондой эле БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугуп, колун кысканын билдирди. Кыргыздын Кыз Сайкалдары өсүп, дүйнөгө Кыргызстанды тааныта берсин.

Баягы эле MC_Doncha. Кыргызстандык вайнер Данияр Токтомаметов (MC_Doncha) Андрей Малаховдун "Пусть говорят" программасына катышып, студиядагылардын боорун эзди. Ал апасы "жыргап жүрө бербей, орусча үйрөн деп" айтып жатканын да билдирди.

Трамптын Ак үйдөгү жашоосу. Дональд Трамп АКШнын президенти кызматына расмий киришкенден кийинки жашоосу "май көл, сүт көл" экенин айтып берди. Ал эртең менен саат алты жарымда турарын, дароо эле телевизорду коюп жаңылыктарды тыңдап, гезит окуурун билдирди.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.99 (сатып алуу) жана 69.32 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.40 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жума күнүңөр куунак, бардыгы сиз ойлоп, сиз каалагандай болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0