Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жакшылыкка кат жазган тажик балакайлар

Жазылуу
Иш күнүңүздөр ийгиликтүү улансын.

Ошентип 2017-жылдын биринчи айы аяктап баратат. Январь айында Кыргызстан үчүн оор жоготуу болуп, кайгылуу окуялар менен коштолду. Ушуну менен баары чыгып, эл ичинде тынччылык болсунчу.

КСДП катарын күчтөгөндө. Президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев КСДП фракциясынан депутат болуп келди. Буга чейин көп деле ооз ача бербеген Баяхуновдун ордуна келген Карашев фракциясын күчтөнтүп, жакшы иштерди жасайт деп үмүт кылып туралы.

Оорулуулардын үнү Кудайга жеткенде. Улуттук онкология борборуна ракты дарылоочу аппарат насыяга алына турганын "Помогать легко" коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди. Кымбат баалуу медициналык жабдууну алуу үчүн каражат былтыр жай айынан бери чогултулууда. Аны сатып алуу демилгесин аталган фонду көтөргөн. 

Россия менен Түркия башчылары келет. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга февраль айынын аягында келмей болуптур. Ал эми Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жыл ичинде келиши күтүлүүдө.  Буюрса эки өлкөдө эмгектенген мигранттарыбыздын айрым маселелери чечилип, Кыргызстан үчүн пайдалуу келишимдерге кол коюлары бышык.

Жакшылыкка жакшылык кылгандар. Тажикстандык активисттер учак кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, үй-бүлөсүнөн ажыраган балага китеп, оюнчук жана сүрөттөрдү салууда

Формасыз жана кечиккен окуучуларга жаккан буйрук. Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы буйругуна ылайык, мугалимдер эми кечиккен жана формасыз келген окуучуларды сабакка киргизбей кое албайт

Ачкачылыгы алты күнгө жетпеген Аскаров. Соттун чечимине каршы чыгып, айгай салган Аскаров ачкачылыгын токтотту. Жан ширин эмеспи! 

© AFP / ANDREJ ISAKOVICЗабег в нижнем белье в Белграде
Забег в нижнем белье в Белграде - Sputnik Кыргызстан
Забег в нижнем белье в Белграде

Апта ирмеми: жылаңач чуркагандар, "өбүшкөн" Трамп менен Ким Чен Ын

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.97 (сатып алуу) жана 69.25 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.40 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 36.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Иштеген тиштейт.

Ийгилик каалап Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0