Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Текебаев Жээнбековду жемелегенде...

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание старого аэропорта в Бишкеке
Здание старого аэропорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жараткандын улуу жума күнү жакшылыкка жык толсун.

Январь айындагы каргашалуу окуялар элдин маанайын түшүрүп, коомчулуктун пикирин башка нукка бурган эле. Эл кайрымдуулук менен алектенип, социалдык тармактардагы кайым айтышуу, тирешүүлөр токтой түшкөн. Бир аз тыныгуу алгандар зериге түшкөн белем, кечээки саясий окуялар кызуу талкууга алынууда. Араң эле карманып турган соцтармактагы "үлкөн саясатчылар" талкууга түшүп, келечекти болжогонго жетишти.

Ага себеп, кечээки "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышуусу, РАЖдын спикердин отставкасын талап кылуусу болду

Негизи биздин ЖоКе элди зериктирбейт. Депутаттардын бири "шайлоо алдында айды алып беребиз дедик эле, элди унуттукпу?" десе, экинчиси эл өкүлдөрүнө шарт түзүп берүү керектигин айтып чыкты

Эмнеси болсо да депутаттар жанданып, саясат кайрадан табына түшкөнсүйт. Анткени президенттик аппаратта кадрдык алмашуулар болуп, Элвира Сариева Фарид Ниязовдун орунбасары болуп дайындалды. Ал эми Айзада Субакожоева президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болду

Каш-кабактын ортосундагы кырсык. Бишкек шаарында күн сайын жол кырсыгы болуп, окуя адам өлүмү менен коштолууда. Кечээ күнү да ВДНХ аймагында жол кырсыгы болуп, эки жигит менен бир кыз көз жумду. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыкка катуу ылдамдык себеп болгон. Кырчындай жаш өмүрлөр 200 чакырым ылдамдык менен өлүмгө бара жатышкан экен.

Дасторкон алдында өзүңүздү кандай алып жүрүүнү билесизби? Бул макаладан өзүңүздү бир текшерип алыңыз.

Бүгүн өлкө аймагында кар аралаш жаан жаайт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.28 (сатып алуу) жана 69.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 39.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Аракетке берекет.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0