Амансызбы бурадар? Өлкөдө 10:15. Келиндер "козголоңу". Ааламды ойго салган кат

Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы, мекендештер. Бүгүн күнгө жума. Алдыда эс алуу күндөрү.

Кар жаап, күндүн кабагы кайрадан бүркөлөт. Бүгүн Кыргызстандын айрым аймактарында түнкүсүн кар жаайт жана Бишкек шаарында күндүзү 2 градустун тегерегинде суук болот.

Кыргызстандыктарды кубантып жана өкүнткөн "келиндер". Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече аял депутаттар Коомдук биринчи канал аркылуу көрсөтүлө баштаган "Келин" теледолбоорун эфирден алдырып салууну айтышты. "Кайнене зөөкүр болуп калган, бирок андай эмес" дешти бир катар депутат аялдар. Анткен менен социалдык тармактарда бул долбоорго жылуу пикирин айткандар да чыгып жатат. 

© Sputnik"Бир сааттык келин" кызматы: шакылдаган жеңеден тарта зымырайган келинчек болобуз
Основатель проекта Келин на час Индира Темирканова и ее сотрудницы Махабат Курманбекова и Насыйкат Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
"Бир сааттык келин" кызматы: шакылдаган жеңеден тарта зымырайган келинчек болобуз

Чоочун кишинин коногун чочубай тосуп… Коомчулук минтип эки жээке бөлүнүп алып, ызылдап жатканда, дагы бир башка келиндердин тобу ошол эле коомго маселесин чечкенге жардамдашып, дасторконун жайып, коногун узатышып жатат. "Бир сааттык келин" кызматында шакылдаган, шатыра-шатман аялзаттары иштейт экен.

Нарын дарыясына салынуучу көпүрө — шумдук! Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун курулушунун алкагында Нарын дарыясы аркылуу салына турган асмандаган эстакадалык эки көпүрөнүн сүрөтү жарыяланды. Эскиздик сүрөтүн көрүп алып эле суктангандар андан көп. 

Капырай, таламандын тал түшүндө… Бейшемби күнү Бишкек шаарынын тургуну таштанды челектин ичинен шектүү оокаттарды көргөнүн милицияга маалымдаган. Коопсуздук кызматы ал жерден машыгуу учурунда колдонулуучу үч минаны табышкан. Кудай сактаптыр… 

Жазгы жарыштын Баткендеги илеби. Баткен районундагы Жаңы-Жер айылынын багбандары өрүк бактарын быйыл эртелеп сугара баштады.

Америка эле эмес, ааламды кызыктырган кат. 11-сентябрдагы терактыны уюштурган кишинин Обамага жазган каты жарыяланды. Абакта отурган киши 18 баракка ызасын, ачуусун түшүрүп, табалаган сезимдерин жашырган эмес. 

Муфтий алмашабы?.. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы — муфтийди шайлоо жазында, 4-апрелде өтөт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.28 (сатып алуу) жана 69.53 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.20 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Бүгүн чачылсаң, эртеңден үмүт үзбө.

Иш аптаңыздар ийгиликтүү аяктап, эс алуу күндөр көңүл тынчыткан бейгам ирмемдер менен коштолсун. Урматым менен, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0