Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бразилиялык мушкерди ала салдырган кыргыз депутат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик бульварындагы шаар тургуну. Архив
Эркиндик бульварындагы шаар тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кышында тоодо лыжа тепсеңер тердеп, дене бой жибип жакшы болуп калат экенсиңер. Ии баса, эң башкысы коопсуздук жагына көңүл буруу керек экен. Дем алыш күнү барып, эңкейиштен зуулдап келатып, өзүмдү кар үстүндөгү Шумахер сезип кеттим эле. Катуу ылдамдык менен келе жатканда анча-мынча өзүмдү кармай албай ала салып... Кыскасы, кыштан ырахат алгыла!

Атаандашын аңтара чапкан кыргыз депутат. Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өткөн беттеште Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаев атаандашы Карлос Тойотаны биринчи раундда эле жыга чапты. Сыргабаев бир гана депутат эмес, билеги күчтүү экенин дагы бир жолу далилдеди. Мурдагы жылы ал Жефф Монсонду да жаткыра чапкан эле.

Эми экс-депутат жеңишке жетти. Мурдагы депутат Данияр Тербишалиев жиу-житсу боюнча турнирде жеңишке жетип, аталган кармашта "түндүк-түштүк" ыкмасын колдонгонун айтты

Кулматов келет дейт го. Быйыл президенттик шайлоо болот деп саясий-маясий күчтөр өз талапкерлерин көрсөтүп баштады. Чу дегенде эле Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев катыша турганын жар салышты. Ал ортодо КСДП партиясы президенттикке Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду көрсөтөт экен деген имиштер чыкты эле, партия Кулматовду талапкер болбой тургандыгын айтты. Кызыктын бары эми башталат окшойт.

Акыл жаштан. Жалал-Абадда 6-класстын окуучусу чөп ороочу трактордун жаңы моделин ойлоп тапты. Жаш ойлоп табуучунун техникасы кантип иштей турганын өзү айтып берди.

Жамбашын чайкаган кыздар. Өткөн аптада эмне болгонун өткөрүп жиберсеңиз, омоктуу делген окуялардын топтомун бул жактан көрүңүз. Экзотикалык жаныбарды башына коюп алган аялдан тарта, жамбашын чайкап жерге жата калып бийлеген кыздарга чейин кызыктуу окуялар болду.

© REUTERS / Jack Brockway / Virgin HandoutБарак Обама президенттик кызматтан кеткенден кийин Британ Виргиниясы аралында кайтсерфинг менен алектенди. Ал британиялык миллиардер Ричард Брэнсон менен чогуу эс алды
Отпуск экс-президента Барака Обама в Британских Виргинских островах - Sputnik Кыргызстан
Барак Обама президенттик кызматтан кеткенден кийин Британ Виргиниясы аралында кайтсерфинг менен алектенди. Ал британиялык миллиардер Ричард Брэнсон менен чогуу эс алды

Сарпашев санаага батып… Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Бакиевдердин "чуусу" менен иштен кетти. Ой, өзү убактылуу кетип турайын дегенде анын өтүнүчүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков канааттандырды

Бир нече күн бороон болот. Дээрлик ушул жуманын аягына чейин күндүн көзү ачылбай кар аралаш жаан жаай турганын Кыргызгидромет эскертти. Жылуу кийинип, сүттөлгөн, бал, кыям кошулган ысык чай ичкенди унутпагыла.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.08 (сатып алуу) жана 69.37 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.20 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Көздөгөн максатка жетүү үчүн бардык аракеттерди көрсөк, ийгилик өзү жылмаят. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0